Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

ИРАКТЫ ЖАНКЕЧТИЛЕРДИН ЧАБУУЛУ КАНГА БОЕДУ


Кубат Чекиров, Прага Иракта жанкечтилер жасаган кезектеги террордук акциялардан элүү чакты адамдын өмүрү кыйылды. Багдадда үч жан кечти аялдын жардыруусунан 25 адам набыт кетип, жетимиши жарадар болду. Жанкечтилердин жабыла кол салуусу шаарда шииттер диний ырым-жырым каадасына чогулуп атканда болду. Түндүктөгү Киркук шаарында дагы эки жолку жардыруудан 22 адам мерт болуп, элүү чактысы жаракат алды.

Иракта коопсуздук жакшыргандыгы жөнүндө бийлик тараткан кабарларга карабастан Багдад менен Киркукту соңку террордук акцицялар дүрбөлөңгө салды. Баш калаада полиция күчтөрүнүн айтымында, жан кечтилер жабыла жасаган кол салуулардан 25 адам мүрт кетип, жетимиш адам жаракат алды. 8-кылымда жашаган имам Мусы аль-Казымага арналган сыйынуу үчүн Багдаддын түндүгүндөгү Эль Казымия деген ыйык жайга бараткан миңдеген зыяратчылардын арасында жүргөн үч жанкечти аял өздөрүн жардырып жиберип, айлана тегерегин канга боеду.

Жылда болуучу мындай диний сыйынуу жөрөлгөсүнө адатта шейшемби күнү өзгөчө бир миллионго чейин адам жыйналчу. Багддаддагы журналист Адил Махмуд жан кечтилердин кыянат иштерине карабай, көп адамдар дагы эле диний иш чарага катышуу үчүн чубап барып жатышканын билдирди:

"Муса аль Казим» ыйык жайына бараткан адамдар дагы эле көп. Зыяратчылар жардыруу жасоо үчүн пайдаланылып жүрөт, бирок жардыруу же башка коркунучтар зыяратчыларды токтотуп калат деп ойлобойм»,- деди Адил Махмуд.

Ирактын шаарларында диний ырым-жырым жасоо иш чаралары өткөн жылдарда дагы кан төгүүлөр менен коштолгон. Ошондуктан, кол салууларга жол бербөө үчүн быйылкы жылы бийлик коопсуздук чараларын аябай эле күчөтүп жаткан. Ошого карабастан жекшембиде эле Багдаддын түштүгүндө кол салуудан жети адам болду.

Коопсуздук күчтөрү аялдардан 200 ыктыярдууну тандап алып, аял зыяратчыларды тинтип текшерүүгө коюшкан. Анткени, козголоңчулар террордук акцияларды уюштуруу үчүн аялдарды пайдаланууга кынык алышкан эле. Аялдарды полиция көзөмөл пункттарында катуу текшерүүгө алчу эмес. Ошондуктан, жардыргыч заттарды койнуна катып кирген жан кечти аялдар аралашкан террордук акциялар жыйырмадан ашып кетти. Өткөн жумада эле Багдаддын түндүгүндө Баакуба деген жерде террорист аялдын колунан сегиз адам өлүп, жыйырма чакты адам жарадар болду.

Багдадда соңку учурда зордук-зомбулук басылып калгансыган, анткени Аль Каиданын козголоңчулары Ирактын Батышындагы жана Багдадагы бекинген жайларынан сүрүлүп чыгып, азыркы убакта негизинен түндүктү гана карманып калышты.

Ошого карабастан, америкалык күчтөрдүн айтымында, козголоңчулар өздөрүнө көнүл бурдуруу максатында тири шумдук аракеттерге барып жатышат. Киркук шаарындагы жардыруудан он адам өлүп, 54 адам жарадар экендиги айтылууда. Миңдеген адамдар парламентте аларга жакпаган шайлоо мыйзамын кабыл алууга каршылык билдирүү үчүн чогулуп жыйын өткөрүп жатканда эки жанкечти жардыруу жасашкан.

XS
SM
MD
LG