Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

КЫРГЫЗ ТӨШӨКТӨРҮ МЕНЕН И.САПОЖНИКОВДУН СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ


Ушул апта соңунан Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик сүрөт музейинде фотосүрөткер Игорь Сапожниковдун фотокөргөзмөсү жана “Төшөктөр жана бүгүнкү учур” аттуу кыргыз төшөктөрүнүн көргөзмөсү ачылат.

Бүгүнкү күндө көркөм сүрөттүн бардык жанрларындай эле фотосүрөт чыгармачылыгынын да бүгүнкү жашоону, адамдар турмушун, табият көрүнүштөрүн, коомдун ар кайсы тармактарын чагылдырууда өзүнө тиешелүү чоң мүмкүндүктөрү бар.

Ал эми алдыда көргөзмөсү ачылганы турган Игорь Сапожниковдун фотосүрөттөрү тууралуу айтчу болсок, анын эмгектери күтүүсүз кызыктуу. Мисалы кечээ жакында мамлекеттик сүрөт музейинде болуп өткөн “Үйлөнүү той үлпөттөрү” көргөзмөсүнө – Игорь Сапожниковдун күтүүсүз кызыктуу фотосүрөттөрү коюлган деп баштады сүрөткердин чыгармачылыгы тууралуу Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин живопись бөлүмүнүн башчысы Валентина Иванова:

- Мына ушул көргөзмөдө Игорь Сапожниковдун кызыктуу иштери коюлган эле. Үйлөнүү той үлпөттөрүнүн фотосүрөттөрүн карап отурсаңыз ал жерде эки жаш эле өзгөчөлөнбөй, үлпөткө катышкан балдар да башкача, гүлчамбарлар да өзгөчө. Игорь Сапожниковдун биздин мамлекеттик музейде жакын арада ачыла турган фотосүрөт көргөзмөсү да заманбап учурду чагылдырган кызыктуу фотосүрөттөрдөн турат.

Айрыкча кыргыз элинин узчулук чеберчилигинен жаралган буюмдарга, бул көркөм өнөргө кийинки убакта элдин, өзгөчө батыш элинин кызыгуусу жогору болууда. Мисалы, кыргыз төшөктөрүнүн байыртан кыргыз турмушунда ойногон ролу чоң. Төшөк – адамдар сүйлөшүп отурганда, тамак ичип жатканда, уктаганда кызмат көрсөтүп, жыйылып турганда да көз жоосун алып, адамга эстетикалык рахат берип турат.

Мамлекеттик музейдин ага илимий кызматкери Алтын Капалова төшөктөр боюнча иштеп жаткан долбоордун максатына токтолду:

- “Төшөктөр жана бүгүнкү учур” долбоорунун максаты – төшөктү көркөм өнөрдүн предмети катары гана сактап калуу эмес, төшөктүн кыргыз турмушундагы ролун, маанисин – мисалы төшөктүн сырты-ичи, башы-аягы болот эмеспи – максат мына ошол түшүнүктөрдү да сактап калууда.
XS
SM
MD
LG