Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

ЖОЛДОШ ОРОЗОВ: БИЙЛИК ЭЛ ИШЕНИМИНЕН КЕТТИ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Акыйкат үчүн кыймылдын жана Коомдук парламенттин мүчөсү Жолдош Орозов “Де-факто” гезитине бийлик саясий кысым жасап, көз карандысыз басылманы жаап салуу аракетин көрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, өлкөдө сөз эркиндигине коркунуч пайда болду.

- Жолдош мырза, кечээ күнү Биринчи май райондук соту Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобековага байланышкан ишти кайра тергөөгө жиберди. Анда адвокат Нина Зотова сунуштаган бул кылмыш иштин козголушуна себеп болгон Замира Молдоева аттуу келинди издеп табуу зарылдыгын сот эске алды. Сиздин көз карашыңызда “Де-факто” гезитинин айланасындагы маселени коомдогу болуп жүргөн мыйзам ченемдүү эле көрүнүш деп бааласак болобу же бийликтин саясий куугунтуктоосубу?

- Муну коомдук пикир катары кароого мүмкүн эмес. Бул жерде саясий оюн жатат. Муну бийлик жактагы адамдардын кызыкчылыгын көздөө аракети бар деп кароого болот. Азыркы учурда бийлик бутактарынын баары коррупцияга малынып турган чакта. Мамлекетибиз саясий-экономикалык туңгуюукка кептелип турган чакта. Сөз атасын айтып, чындыкты жазып турган гезиттерди жабуу аракети жеткен адилетсиздик деп эсептейм.

- Ошондой эле Бишкек шаардык салык инспекциясынын башчысы Таалайбек Далбаев менен айыл, суу чарба министри Арыстанбек Ногоевдин арызынын негизинде, сот “Де фактонун” кызматкерлеринин катышуусуз эле гезитке 2 млн. сом айып пул салыптыр. Муну соттун адилет чечими деп кабыл алсак болобу?

- Мен ушул Таалайбек Далбаев менен Арыстанбек Ногоевдин доо арызын жеткен бир абийирсиздик катары кабыл алып отурам да өзүмчө. Биз эл арасында жүрөбүз. Эл ичинде да буга нааразылык билдирип жатышат. Себеп дегенде Таалайбек Далбаев менен Арыстанбек Ногоев булар бийлик адамдары. Мен жанагы жогоруда айтып өткөндөй бийлик коррупцияга тыйуу салбай, кыргыз элине душмандык кылып миллиарддаган долларларды жегендер менен күрөшпөй, тескерисинче чындыкты жазган гезитке саясий кысым көрсөтүп жатат деген эл арасында кеп бар.

- “Де-фактонун” айланасындагы маселеге Коомдук парламент кандай көз карашын билдирет?

- Коомдук парламент азыркы учурда бийликке үмүт артуу кыйын болуп калганын билгизе алат. Бийлик эл ишениминен чыкты десек жаңылбайбыз. Чыркыраган чындыкты бетке айтканды, эл ичиндеги бийликке болгон көз караштарды чагылдырып турган гезитке кысым жасоо, доо коюу эң бир ыпылас иш катары баалайт. Өзгөчө “Де-факто”, “Алиби” гезиттеринин доого жыгылышы, бул Кыргызстандагы сөз эркиндигинин ооздукталышы катары эсептейт.

- Жайдын саратаны менен Коомдук парламенттин деми өчтү деген коомчулукта пикирлер пайда болду. Азыр коомдук парламенттин мүчөлөрүн Бишкектен табуу кыйын болуп калды. Эс алууда жүрөсүңөрбү?

- Коомчулук болгондон кийин ар кандай пикирлер пайда болот экен. Бирок Коомдук парламент тарап кеткен жок. Тескерисинче саясий күчтөр биригип жатат. Азыр Коомдук парламенттин мүчөлөрү эл ичинде. Өзгөчө аймактарда өзүнүн иштерин жүргүзүп жатат. Эл менен пикирлешип, өлкөдөгү саясий-экономикалык абалы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG