Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

БЕЛГРАДДА КАРАЖИЧТИН КОЛДООЧУЛАРЫ МЕНЕН ПОЛИЦИЯЧЫЛАР КАГЫЛЫШТЫ


Кубат Чекиров, Прага Аскердик кылмыштары үчүн айыпталып жаткан босниялык сербдердин мурдагы лидери Каражич камакка алынып, эл аралык сотко өткөрүлөт дегенден бери Сербиянын ичинде кырдаал курчуду. 29-июлда кечинде Белградда Республика аянтында сербдердин радикалдуу партиясы уюштурган митингде Каражичтин таламын талашкан улутчулдар менен полиция кагылышып, отуздай киши жаракат алды. Алардын жарымы полициячылар.

Митингге чогулган он миңден ашуун адам Каражичти камакка алууга каршылык билдиришти. Бийлик өкүлдөрү февралда Косовонун эгемендиги жарыяланганда борбор шаарда болгон тополоңго жол берилбейт деп билдирүү жасашып, коопсуздук чараларын күчөткөн эле. Бирок митинг учурунда Каражичтин жактоочулары менен полициянын ортосунда кагылышуу чыгып кетти. Ондогон демонстранттар полицияны көздөй таш жана бөтөлкөлөрдү ыргытып киришти. Аларга каршы полиция көздү бууй турган газ колдонду. Натыйжада жыйырмадан ашык адам жаракат алды, алардын теңи полициячылар.

Ал ортодо Радован Каражичти эл аралык сотко өткөрүп берүүгө каршы аппеляциялык арызды берүү мөөнөтү өтүп баратат. Босниялык сербдердин мурдакы лидерин колдогон укукчулардын жоон тобу 25-июлда акыркы күнү аппеляциялык арызды почта менен жиберүүгө үлгүрүп калышканы айтылып жаткан. Каражичтин адвокаттарынын бири Светозар Вуджакик алар жиберген арыз кат келгиче карып кетпейби деген кабарчылардын суроосуна төмөнкүдөй жооп айткан.

-Мен айта албайм, кайда, качан жана кантип жибергенимди, бул коргоонун стратегиясы. Эгерде мен силерге качан кайсы почта бөлүмүнөн жибергенимди айтып берсем, анда арыз кат жума күнү түн ичинде четке кагылып, Радован эртеси Гаага сотунда болмок.

Каражич камалгандан кийин Сербиянын саясий жетекчилигинин дарегине коркутуп үркүтүүлөр башталган. Ошондон кийин мамлекет жетекчилерин кайтаруу да күчөтүлгөн.

Гаага сотунун өкүлдөрү Каражичти өткөрүп алганга даяр экенин жана күтүп жатканын билдирүүдө. Европалык Биримдик Каражич Эл аралык сотко өткөрүлүп берилмейинче Сербиядан соода санкциялары алынбайт деген чечим кабыл алды.

Босниялык сербдердин мурдагы лидери, көп жылдар бою аскер кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн Радован Каражич 21-июлда Белградда Сербиянын кызматы тарабынан кармалып камакка алынган. Ал геноцид деп бааланган эки окуянын артында турганы үчүн айыпталып келүүдө. Сараево шаарын 43 айга созулган камалоо учурунда, маалыматтарга караганда, 12 миң адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Сребреница чөлкөмүндө 1995-жылы 8 миң мусулман кырылган.

Гаагадагы эл аралык Кылмыш Сотунун, Евробиримдиктин өкүлдөрү өз кезегинде Каражичтин камакка алынышын кубаттап, бул окуяны серб өкмөтүнүн Балкан чөлкөмүндөгү тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотууга кошкон салымы жана Сербиянын Евробиримдиккке өтө турган жолундагы маанилүү кадам катары баалашкан. Каражич кармалгандан кийин Гаага соту кармап жазалайын деп турган дагы эки адам боштондукта калууда. Алар босниялык сербдердин мурдагы колбашчысы Ратко Младич жана Хорватиядагы серб козголоңчуларынын лидери Горан Хаджич.

XS
SM
MD
LG