Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

ИРАН СОГУШКЕРЛЕР ҮЧҮН "ТУННЕЛБИ"?


Иран Ирактан оболу Пакистандын уруулар турган аймактарын көздөй ооп, акыр аягында Ооганстандагы экстремисттерге кошулуп жаткан согушкерлер үчүн негизги транзиттик жолго айланууда. Бул тууралуу Ооганстандын өкмөттүк гезиттеринин бири жазып чыкты.

Ооганстандын күндөлүк "Анис" гезтинин жазганына караганда, Иран Ирактан Ооганстанга Пакистандын уруулар турган аймагы аркылуу өтүп жаткан согушкерлер үчүн транзиттик жолго айланганы жакындагы контртеррористтик операция учурунда анык болгон.

Өзүнүн редакциялык макаласында аталган басылма Иранды "террорчулар үчүн туннел" деп атап, "Ооганстан Ирандын мындай жүрүм-турумуна унчукпай койо албасын, анткени алар Ооганстанга оогандардын өмүрүн кыйуучу адамдарды жиберип жатат",- деп белгилейт. Гезит ошондой эле Иран Жакынкы Чыгыштагы террорчулардын Ооганстанга жетүүсүн эң оңой жолуна айланганына токтолуп, ооган өкмөтүн "бул туннелди кандай чаралар менен болсо да жабууга" чакырды.

"Анис" гезитинин баш редактору Сакхи Мунир жогорудагыдай маалыматты кайсыл булактан алышканы тууралуу "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматындагы маегинде буларды айтты:

- Жакында Ооганстандын түштүгүндө коалициялык күчтөрдүн аба соккусунан жаракат алгандан кийин эки араб жана бир түрк кармалган. Маалымат каражаттарынын кабарлары жана алар Ооганстандын коопсуздук тармагындагы булактар тарабынан ырасталган соң "Анис" гезити бул үчөө Ооганстанга Иран аркылуу өткөнүн билди. Алардын баары муну камалган соң моюнга алган.

Ооганстандын Иранга чектеш батыш аймактарынан АКШ аскерлери курал-жарактын бир нече корлорун, анын ичинде миналарды, минемоттун снаряддарын, ракета атылуучу жабдууларды, мылтыктарды, ок-дарыларды буга чейин эле таап келишкен. Ал курал-жарактардын айрымдарында Иранда жасалганын ишара кылган белгилер да бар болчу.

Бирок Ирандын өкмөтү Ооганстанда жергиликтүү жана АКШ баштаган күчтөргө каршы күрөшүп жаткан согушкерлерди курал менен жабдып жатат деген маалыматтарды такай четке кагып келүүдө.

Пентагон да Ооганстандагы согушкерлерге курал жана ок-дары жөнөтүү ишине расмий Тегерандын катышы бардыгы боюнча кандайдыр бир далили азырынча жок экенин билдирген.

АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтстин айтымында, курал жибергендер Ирандагы криминалдык топтор менен аткезчилер болушу ыктымал.

Ал эми ооганстандык журналист Сахки Мунирдин ишениминде, Ооганстанга курал менен катар согушкерлердин жөнөтүлүшүнө Ирандагы белгилүү бир күчтөрдүн тиешеси бар экендигинде шек жок:

- Иранда бул террорчуларды курал менен жабдып, аскерий жактан тоюндурган топтор жана чөйрөлөр бар экени айныксыз. Жакында үч чет элдиктин камалышы жана айткандары алар ооган жерине оболу Иран аркылуу Пакистандын Вазиристан чөлкөмүнө өткөн соң келгенин далилдеди.

Геосаясий жараяндарды болжолдоо менен алектенген америкалык "Стратфор" иликтөө борборунун Интернеттеги басылмасынын жазганына караганда, Ирандын жихадчылар багытын Пакистан менен Ооганстанга буруусу анын Кошмо Штаттарга кысым көргөзүү жана аймактагы маанилүү оюнчуга айлануу максатына байланыштуу.

"Стратфордун" аналитиктеринин көз карашында, Иран коңшу Ирактагы коопсуздук кырдаалы стабилдешип жана оңолууну көздөй кетип жатканын билет.

Расмий Вашингтондун көңүлү Ирактан Ооганстанды көздөй көбүрөөк бурулуп, өзгөчө АКШнын аймактагы башкы өнөктөшү – Пакистан улам барган сайын ишенимдүү эместей көрүнүп жаткан кезде, Иран Ооганстандын сахнасында да чоңураак роль аткарууга жарамдуу болууну каалайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG