Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

КАРАЖИЧ ЭЛ АРАЛЫК КЫЛМЫШ СОТУНУН АЛДЫНДА


Кубат Чекиров, Прага Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич бүгүн Гааадагы эл аралык кылмыш сотуна биринчи жолу алынып келинет. 1992-95-жылдары Боснияда болгон согушта Сараево шаарын 43 айга созулган камалоо учурунда, маалыматтарга караганда, 12 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Сребреница шаарында 1995-жылы 8 миңдей мусулман массалык түрдө кырылган. Бул кылмыштуу аракеттерди уюштурган деп айыпталып жаткан Радован Каражич өң-келбетин жана документтерин өзгөртүп, 13 жыл бою карматпай жүрүп жакында гана тутулган.

Босния согушунун убагында серб эмес элдерди тукум курут кылган окуялар боюнча айыпталып Гаага сотуна апкелинген Радован Каражичтин иши бул жакта кандай каралары жөнүндө Мурдакы Югославия боюнча Эл аралык кылмыш сотунун өкүлү Нема Йелачич журналисттерге бүгүн айрым маалыматтарды берди. Анын айтымында Каражичке бүгүн Эл аралык кылмыш сотунун эреже тартиптери тууралуу маалымат айтылат.

"Андан трибуналдын судьясы түрмөнүн шарттары, коюлган айыптар жана соттук угууларды түшүнүү мүмкүнчүлүгү барбы, ошону сурайт. Ошондой эле алып келинген биринчи күндөн баштап ага түшүндүрүлүп аткан БУУнун сотунун процедуралары жана эреже-тартиптери боюнча маалыматы бардыгы тууралуу сурайт».

1992-95-жылдары Боснияда болгон согушта Сараево шаарын 44 айга созулган камалоо учурунда 12 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Сребреница шаарында 1995-жылы 8 миңдей мусулман массалык түрдө кырылган. Каражич бул кылмыштуу аракеттердин жашыруун жетекчиси катары шектелип, геноцид жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча он бир берене боюнча доого кабылууда. Йелачичтин айтымында, Каражич коюлган айыптоолорго карата өз оюн отуз күн ичинде билдире алат.

"Аягында ал айыптоолор менен макул же макул эмес экенин билдирип өтүнүч билдиргенге мүмкүнчүлүгү болот. Ал муну 30 күнгө чейин созо турган мүмкүнчүлүгү бар. Судья анда келерки айдын аягында жаңы сот отурумун чакырат».

Коомчулук 13 жылдан бери качып жүргөн Каражичтин чыныгы өңү-башын көптөн бери биринчи жолу көрмөкчү. 21-июлда адеп кармалгандан кийин маалымат каражаттары анын коюу сакал койгон, чачы узун элдик табып катары жашырынып качып жүргөндөгү кебетесин көрсөтүшкон. Сербиянын ("Blic") таблоиди болсо Каражичтин сакалы менен чачын алдыргандан кийинки абактагы сүрөтүн басып чыгарды.

Эл аралык кылмыш сотунун өкүлү Йелачичтин айтымында, бүгүн ошондой эле Каражич коргонуу ыкмасы жөнүндө маселени чечиши керек. Ал же өзүн өзү коргошу же адвокат жалдашы керек.

Гаагада Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичти соттогон судья Жеффри Найс Азаттыктын түштүк славян жана албан кызматтарына сүйлөгөн сөзүндө Каражичтин үстүнөн соттук териштирүү далайга созулат деп ойлоп жатканын айтты.

Югославиянын мурдагы президенти Милошевичтин үстүнөн сот дээрлик беш жылга созулуп, аягына чыга электе 2006-жылы мартта анын өзүнүн өлүмү менен аяктаган. Каражичтин иши дагы ушинтип создугуп кетиши мүмкүн, бирок трибунал мындай тактикага каршы чара көрүүгө ушул тапта кыйла даяр.

«Каражич соттук териштирүүнү сотко тийешеси жок ар кандай себептер менен создуктурууга умтулушу мүмкүн. Бирок азыр тажрыйбасы артып калган сот мындай учурларда ишти жалаң укуктук маселелердин өзөгүндө кармап кетүүгө аракет кылат», - деди Жеффри Найс.

Бул мурдагы судьянын "Азаттыкка" айтымында, Каражичтин үстүнөн соттук териштирүү эмки жылдын башында аран башталышы мүмкүн, анткени ал өзүн коргоого даярданышы үчүн ага жетиштүү убакыт берилмекчи.

XS
SM
MD
LG