Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

В.ТИCМАНИАНУ: ЭРКИН ЕВРОПА/АЗАТТЫКТЫН РУМЫН КЫЗМАТЫ БИЗДИН КӨЗҮБҮЗДҮ АЧТЫ


Кубат Чекиров, Прага Бүгүнтөн тарта Эркин Европа/Азаттык үналгысынын румын кызматы ишин токтотту. Бирок румын тилиндеги берүүлөр токтобой Молдавия Республикасынын аймагында улантыла бермекчи. Эркин Европа/Азаттык үналгысынын румын тилиндеги берүүлөрү 1950-жылы 14-июлда сынак түрүндө, ал 1951-жылы 1-майдан тартып толук кандуу бериле баштаган. Ошол убактан бери Эркин Европа/Азаттык үналгысы Румын маданиятынын чыныгы нарк-дөөлөттөрүн жана румын интеллигенциясынын эркиндикти жактаган ой-пикирлерин коргоп, коммунисттик режимге баш ийбегендердин таасирлүү трибунасы болуп кызмат кылды. Коммунисттик режим кулагандан кийин дагы ал Румынияда демократияны жана атуулдук коомду өнүктүрүүгө орчундуу салым кошту.

АКШнын Мериленд штатындагы саясий илимдердин профессору Владимир Тисманиану учурунда Румынияда коммунисттик партиянын ишмердигин иликтеген президенттик комиссиянын төрагасы болгон. Ал ошол эле учурда Эркин Европа/Азаттык үналгысынын румын кызматы менен тыгыз кызматташып келди.

Анын айтымында, Румынияда коммунисттик партия үстөмдүк кылып турганда Эркин Европа радиосу марксизм-ленинизмдин утопиялык догмаларынын курулай шаңындагы Бухарестте чынында эле бардык румындардын оозеки гезити болгон.

-Ал режимдин идеологиялык пропагандасына каршы туруу үчүн таасирлүү трибуна болуп кызмат кылды. Диктатор Никола Чаушеску жана анын чөйрөсү Эркин Европа/Азаттык үналгысын кайнаса каны кошулбас душман катары кабыл алып, анын ташын талкан кылууну ойлошкон. Бул алар үчүн козголоңдун, системанын чыныгы жүзүн ачып көрсөткөн, калпын ашкерелеген үндөр болчу. Коммунисттик номенклатуранын ээ-жаа бербеген саясий коррупциясынын бетин ачып, анын кыянат мыйзасыз иштерин айыптап, Коммунисттик партия жөнүндө чындыкты гана айтып Эркин Европа/Азаттык үналгысы биздин көзүбүздү ачты,-деп эскерет профессор Владимир Тисманиану.

Эркин Европа/Азаттык үналгысы бардык диссиденттерди жана Румыниянын оппозициянын бардык аракеттерин эле коргой берген эмес. Ал эң биринчи режим тутунган коммунисттик идеологиядан айырмаланган эркин көз караштардын, ой-пикирлердин трибунасы болгон жана румын маданияты менен румын интеллигенциясынын чыныгы нарк-дөөлөттөрүн коргогон, деп белгилейт Тизманиану.

Румыниянын президенти Траян Базеску 30-июлда Бухарестте Эркин Европа/Азаттык үналгысынын жетекчилерин, румын кызматынын өкүлдөрүн кабыл алып урмат сый көргөздү. Президент сүйлөгөн сөзүндө Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Румын кызматынын ишмердигин жогору баалап, коммунисттик доордо эле эмес андан кийин дагы демократия менен атуулдук коомду өнүктүрүүгө кошкон зор салымын баса белгиледи.

Эркин Европа/Азаттык үналгысын президенти Жефри Гедмин өз кезегинде румын кызматынын журналисттери 60 жыл ичинде Румынияда эркиндик жана басма сөз эркиндиги үчүн кызмат кылып, көп учурда өз баштарын жана үйбүлөсүнүн тагдырын тобокелге салып иштеп, өзгөчө баатырлыкты көрсөттү деп баса белгиледи.

Чынында эле көп жылдар бою Эркин Европа/Азаттык үналгысынын берүүлөрү коммунисттик режимдин эки жүздүү саясатын ашкерелеп, эркин ой-пикирлердин үрөнүн сээп келгендиктен андагы иштеген журналисттер үчүн Румынияны бийлеп турган коммунисттик башкаруучулар түздөн түз коркунуч туудуруп келген. Румын өкмөтү 2006-жылы тараткан маалыматта Эркин Европа/Азаттык үналгысынын румын кызматынын үч жетекчисинин өлүмү коммунисттик башкаруучулар тарабынан атайын уюштурулушу мүмкүн деп айтылган.
XS
SM
MD
LG