Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

ИРАН БАТЫШКА ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ?


Амирбек Усманов, Прага “Иран ядролук программасы боюнча Батыш менен болгон чатакты дипломаттык гана жол менен чечүүнү каалайт”, деп билдирди президент Махмуд Ахмединежад жекшемби күнү. БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу беш мүчөсү жана Германия Тегеранга уранды байытуудан баш тартууну сунуш кылган. Сунуш кабыл алынса, Батыш Иранга экономикалык жардам берүүгө, ошондой эле атомдук энергияны тынчтык максатында өндүрүүдө кызматташууга даяр. Иран сунушка жообун дүйшөмбү күнү берет деп боолголонууда.

Иран президенти өлкө өзөктүк программасына байланыштуу кризисти чечүүгө эбактан бери даяр деди. Махмуд Ахмединежад жекшемби күнү Тегеранда Сириянын президенти Башар Асад менен чогуу берген маалымат жыйынында Иран өзөктүк сүйлөшүүгө абдан олуттуу мамиле кылганын да баса белгиледи:

-Биз сүйлөшүүгө өтө чоң маани беребиз. Сүйлөшүү мыйзам нугунда өтүп, практикалык жактан баалуу, конкретүү жыйынтык берет деп ишенебиз. Экинчи тарап да сүйлөшүүгө астейдил мамиле кылат, тынчтык жана коопсуздук жаатындагы түрдүү глобалдык, ошондой эле регионалдык проблемаларды талкуулаганга даяр деп ишенебиз.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин вето укугуна ээ беш мүчөсү жана Германия 19-июлда Женевада өткөн сүйлөшүүдө Иранга уранды байытууну токтотууну сунуш кылган. Тегеран бул сунушка ынанса, Батыш Иранга экономикалык жактан жардам көрсөтүп, өзөктүк энергияны тынчтык максатында өндүрүүдө кызматташат. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Ховьер Солананын бул сүйлөшүүдө билдиргенине караганда, Тегеран жообун эки жума ичинде же 2-августан кечиктирбей айтыш керек эле.

Бир катар маалымат булактарынын брюсселдик чиновниктерге шилтеп кабарлашынча, Тегеран жообун 4-август күнү бериши мүмкүн. Бирок Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки Батыш эч кандай мөөнөт койгон эмес экендигин билдирди. Ал эми президент Ахмединежад Иран атомдук энергияны тынчтык максатында өндүрүү укугунан баш тартпасын ишемби күнү эскертти. Бул кабар Иран президентинин Интернет баракчасында Ахмединежад сириялык коллегасы Башар Асад менен жолуккандан кийин пайда болду.

Сирия президенти Асад Иранга келерден эки жума мурда Парижде болгондо Франциянын өтүнүчүнө ылайык, расмий Тегеран менен болгон жакшы мамилесин пайдаланып, Иран-Батыш арасындагы араздашууну жөндөөгө көмөктөшөөрүн билдирген. Бирок жекшемби күнү Башар Асад Тегеранга арачылык вазийпасы менен келбегенин маалымдады:

-Мен Иран Ислам Республикасына арачы ирети келген жокмун. Мен Иранга Батыш саясатчыларынан эч кандай кайрылуу алып келбедим. Менин сапарымдын «ядролук проблемага» түздөн түз тиешеси жок. Бирок Ирандын президенти жана башка жетекчилер менен бул маселени талкууладык.

Батыш Иранды атомдук курал жасоого аракет кылууда деп узактан бери күнөөлөп келет. Тегерандын ырасташынча, өлкөнүн өзөктүк программасы эң алды энергия өндүрүүгө багытталган.


Сүрөт: “Nuclear Art pictures” интернет-сүрөт көргөзмөсүнөн алынды http://www.freakingnews.com/Nuclear-Art-Pictures--1457.asp

XS
SM
MD
LG