Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:52

А.ЖЕКШЕНКУЛОВ: БИЗ КӨП НЕРСЕЛЕРДИ АЗЫРЫНЧА АЙТПАЙ ТУРАЛЫ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Кыргызстандагы саясий оппозициянын азыркы коомдогу орду тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору, Коомдук парламенттин мүчөсү Аликбек Жекшенкулов маек курган.

“Азаттык”: Чындыгында эле азыр оппозиция алсызданды деген пикирлер арбын эле айтылып атат. Анын ичинде албетте, бир топ карылуу саналган оппозициялык саясатчылар катарына кирген “Акыйкат үчүн” кыймылы эмне иш менен алектенип жатканы беймаалым болуп калды. Бул жайкы эс алууларга байланыштуубу же чын эле алсыздануунун белгисиби?

А. Жекшенкулов: Бул атайын саясий оюндар. Анткени оппозиция кайра биригип, бүгүнкү күндө күч алып аткандыктан бийлик элге оппозиция алсызданды, колунан эч нерсе келбей калды деген сөздөрдү таратып атат, ушул ишеним күчөбөсүн деп. Бүгүнкү күндө коомдук парламенттин ар бир мүчөлөрү өзүнүн иши менен алек. Өзүңөр билесиңер дүйнө жүзүндө июль, август айы саясий күчтөр солгундай түшөт деп коет эмеспи. Бирок ошого карабастан жер-жерлерге барып, интеллектуалдуу иш-чараларды өткөрүп, эл менен жолугуп, пикирин угуп, алар менен маектешип, коомчулук менен иштеп атабыз.

“Азаттык”: Азыркы бийликтин саясатын колдобогонун билдирген саясатчылар, партиялар, кыймылдар аз эмес. Алар менен сиздердин кыймыл ортосунда алака барбы? Мисалы “Бирдиктүү Кыргызстан” сыяктуу кыймылдар менен?

А. Жекшенкулов: Азыр акылдашуу кыязында кээде лидерлер менен жолугушуп, маектешип атабыз. Пландарды бүт эле бийликке ачып бере бергенде болбойт экен. Ошон үчүн биз көп нерселерди азырынча айтпай туралы. Буюрса августтун аягынан баштап саясий күчтөр активдүү иштей баштайт. Коомдук парламент дагы, биздин кыймыл дагы активдүү иштеп, силерге дагы маалымат берип турабыз.

“Азаттык”: Бийлик өкүлдөрү элдин турмушун оңдоого көп аракеттерди жасап жатканын, маяналардын көбөйүшүн, экономикага өзгөчө маани берилип жаткандыгын айтып, оппозиция каяша кылаарга негиз жок деп жатышат. Бүгүнку саясий-экономикалык абалга көз карашыңыз кандай?

А. Жекшенкулов: Бүгүн тилекке каршы бийлик реалдуу абалды билбейт, жалаң эле көз боемочулук менен иш кылып калды. Анткени бизде маалымат бар, “акжолчу” депутаттар региондорго барганда “дүжүр” чалдарды, бюджетке көз каранды кишилерди чогултуп алып, ошолор менен маектешип кетип калат экен. Алар албетте көз карамалык кылып, бийликти мактап, тигиндей-мындай менен алектенишет. Реалдуу ишке келгенде, же элдин турмушун карасаңыз жакырчылык, кымбатчылык күчөп баратат, саясий-кадрдык маселелер да абдан күчөп баратат. Ошон үчүн менин оюмча, бийлик элден айрылып, элде эмне болуп атканын бүгүн билбей калышты.

“Азаттык”: Ошол эле мезгилде, балким мурдагы тарыхый фактылардан улам айтылып атса керек жазда, күздө, бир окуялар болот, кымбатчылык бир нерсеге алып барат деп. Ушул күздө кандайдыр бир саясий акциялар болушу мүмкүнбү оппозиция тарабынан?

А. Жекшенкулов: Албетте болушу мүмкүн. Анткени өзүңөр көрүп атасыңар, мен элге айтып коеюн, мактанып атпайбы бюджет өстү деп, мунун баарысы эмнеден. Эң негизги себеп экономика өспөй эле кымбатчылык, баалар өскөндөн болду. Ушуну түшүнүш керек.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG