Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

БОРООН АЛДЫНДАГЫДАЙ ТЫНЧ, ЭКС-СПИКЕР ДА ДЫМЫП ТУРАТ


Президент Курманбек Бакиев тараптагы бирден-бир маанилүү фигура, былтыркы парламенттик шайлоодо “Ак жол” партиясын баштап чыккан негизги саясатчылардын бири, парламенттин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеште тутанган жаңгак уюлуна байланыштуу чырдын соңунда кызматынан кеткен. Саясат талдоочулар айтып, маалымат каражаттары да жазгандай, ал саясий ката кетирип, андан соң президенттин администрациясы менен болгон кармашта жеңилип бергени айтылган. Айрым талдоочулар көзү ачыктык кылып, А.Мадумаров мандатын таштап оппозицияга өтөт дешсе, башкалары депутаттык ордун таштабай туруп санаалаштарын айланасына топтоорун айтышкан. Ошентсе да бүгүнкү күнгө чейин андан кеп-сөз чыкпай келет. Деги А.Мадумаров кандай кадамдарга барат?

Жаңгак уюлуна байланышкан чыр А.Мадумаровду төрагалыктан алууга себеп болгон негизги маселе эмес экендигин айткан талдоочулар, кеп төркүнү тереңдерде жатканын боолголошот. Андай божомолдордун арасында А.Мадумаров президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов менен өз ара чырдашып, кармашта уттурганын айтылат. Эмнеси болсо дагы “Ак жол” партиясынын лидерлеринин бири, өлкөдөгү экинчи саясий фигура болуп турган А.Мадумаров кызматынан кеткени, азырынча мындан аркы кадамдарын купуя сактап турат.

Талдоочулардын баамында, күз күрөштү күтүп жаткан саясатчы парламент ишин баштаса күтүлбөгөн кадамдарга да барып жибериши да ыктымал. Акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде, кандай болгон күндө дагы А.Мадумаровдун оппозицияга кошулушу күмөн:

- Мадумаров саясий фигура катары Кыргызстандын тарыхында кала берет. Ал оңой жигиттерден эмес. Албетте, ал саясий дагы, жеке дагы каталарды кетирип алды. Ошентсе да ал акыркы он-он беш жыл саясаттан кетпейт. “Ак жолдон” чыкпай, саясатка аралашып, бийликте турганы эле оң. Оппозицияга өтүп кетет деп эсептебейм.

Ошондой эле Турсунбек Акундун айтымында, айрымдары күткөндөй күз айларында саясий олку-солкулук болбойт. Анткени бул жылдар арасы бийлик ар кандай окуяларды баштан кечирип, бышып да, тыңып да калган кези. Башкаруучу “Ак жол” партиясынан шайланган депутаттардын ишениминде, А.Мадумаров менен байланышкан талаш-тартыштарга карабай азыркы тапта партия улам кулачын керип барат. “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Жангороз Каниметовдун ырасташынча, А.Мадумаров каршы тарапка өткөнү менен оппозиция жанданып кетпейт. Андыктан ал бардыгын таразалап көрүп, дагы бир жолу ката кетирбеске аракет кылат:

- Ал киши деле акыл-эстүүлүккө барат. Башка кадамдарга барбайт го. Эми Мадумаров өтсө эле оппозицияга жанданып, чоң күч болуп кетпейт. Анын да акыл-эси бар. Ар кандай нерселерге алдырып койду, бирок анын деле өз ойлору бар да.

Социал демократтар фракциясынын мүчөсү Осмон Артыкбаевдин пикиринде, парламент күзүндө социалдык кыйынчылыктар, азык-түлүк каатчылыгы, энергетика сыяктуу маселелер менен көбүрөөк алектенип, саясий маселелер экинчи планга чыгат. Андыктан, оппозицияда лидер болом дегендер көптүгүнөн улам А.Мадумаров ал жээкте ордун табышы кыйын дейт депутат:

- Менимче А.Мадумаров оппозицияга кошулуп, лидер болуп кетиши кыйын го. Ага объективдүү жана субъективдүү себептер бар. Анткени оппозиция бириге албай атпайбы. Ар кимиси көкүрөгүн койгулап, “мен лидермин” деп алдыга жулунуп атышканынан улам, алар чоң күч болуп бириге албай атышат. Оппозициянын алсыздыгы ушунда.

Депутат Адахан Мадумаровдун өзү азырынча кийинки кадамдары тууралуу айтпай, дымып турат. Бир катар талдоочулар болуп өткөн окуяларга карабай бул саясатчынын салмагы дале бар дешет.

XS
SM
MD
LG