Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

КАШКАРДАГЫ ЧАБУУЛДАН УЛАМ 16 КИШИ НАБЫТ БОЛДУ


Бээжиндеги олимпиадалык оюндардын ачылыш салтанатына төрт гана күн калганда, Кытайдын расмий Синхуа кабар агенттиги өлкөнүн батышындагы Шинжаң Уйгур автоном районуна (ШУАР) караштуу Кашкар шаарында жардыруу болгонун маалымдады. Кытай расмий бийлиги «террордук чабуул» катары шек кылган бул жардыруудан улам он алты полиция кызматкери набыт болуп, дагы ошончосу жаракат алганы айтылууда. Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз өкүлү болсо кыргыз-кытай чек арасында кырдаал тынч экендигин «Азаттыкка» бүгүн тастыктады.

Синхуа агенттигинин кабардашынча, байыркы Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан шаар катары дүйнө тарыхында дурус белгилүү Кашкар шаарында бүгүн таңкы саат 8 ченде ири жардыруу болду.

Эки киши ыпыр-сыпыр жыйнаган машина менен келип, полиция кызматкерлери таңкы машыгуу өткөрүп жаткан жайга жакындаган. Андан соң алардын унаасы зым карагайды сүзгөн да, берки экөө машинадан түшө калып, жардыргыч заттарды ыргытышкан, өздөрүнө жакындаган полициячыларга бычак кезешкен. Натыйжада он алты полиция кызматкери курман болуп, башка да он алтысы жаракат алган.

Кол салгандар кармалганы, алардын бири жарадар экендиги айтылууда, бирок алардын аты-жөнү азырынча маалымдалган жок.

Синхуа агенттигинин баяндашынча, жергиликтүү бийликтер бул кол салууну “террордук чабуул” катары баалашууда жана анын артында “Чыгыш Түркстан Исламдык Кыймылы” турат деп түкшүмөлдөшүүдө.

Быйыл март айында Кытайдын коопсуздук күчтөрү үч уйгурду камакка алган. Аларга кытайлык жүргүнчү учакты жардыруу үчүн кутум даярдаган деген айып коюлган.

Шинжаң Уйгур автоном районунун төрагасынын орун басары Куреши Майхесутинин өткөн аптадагы билдиришине караганда, быйылкы жылдын алгачкы жарымында жергиликтүү полиция беш террордук топту ашкерелеген.

Олимпиада оюндарынын 8-августтагы салтанаттуу ачылышына саналуу гана күндөр калганда, Кытай бийлиги Шинжаң-Уйгур автоном району жана Тибет сыяктуу улуттук азчылыктар жышыраак жайгашкан аймактарда коопсуздук чараларын күчөттү.

Мурда тарыхый Чыгыш Түркстан аталган ШУАР аймагын коммунисттик Кытай 1949-жылы каратып алган. Уйгурлардын айрым бөлүгү өз эгемендигин эңсеп, аймактын көз каранды эместигин талап кылып келет.

Айтмакчы, Кашкардагы бул окуя тууралуу кыргызстандык маалымат каражаттары да жазып чыгышты. Алардын бири кыргыз-кытай чек арасында да кагылышуу болду дегендей жазып, кийинчерээк бул “чийки” кабарды интернет сайтынан алып салды.

“Азаттыктын” кабарчысы Замира Кожобаева бүгүн Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Сажира Чоколоевага кыргыз-кытай чек арасындагы кырдаал, андагы атышуу сыяктуу жоромолдордун чын-төгүнү тууралуу кайрылды эле, С. Чоколоева айымдын жообу төмөнкүдөй болду:

- Эч кандай андай маалымат жок. Кытай менен чек арада дагы, башка чек араларыбызда деле эч кандай окуя болгон жок. Кечээ Кытай тарапка кыргыздардын топоздору кокусунан өтүп кеткен экен. Бүгүн чек арачыларыбыздын өкүлдөрү ушул маселе боюнча гана жолугушуп жатыптыр.

Кыргызстан коңшу Кытай менен Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өнөктөш болуп келет.

Бир нече жыл мурда Кыргызстанда кармалган айрым уйгур тектүү кытайлыктар Бишкек тарабынан расмий Бээжинге өткөрүлүп берилген учурларды эл аралык жана кыргыз укук коргоочулары кескин сынга алганы маалым.

(Сүрөттө - Бээжиндеги Тянанмен аянтында күзөттө жүргөн кытай полиция кызматкерлери).

XS
SM
MD
LG