Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

А. МОЛДАЛИЕВ: ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИКТЕРДИН УКУКТАРЫ КЕҢЕЙТИЛИП ЖАТАТ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Кыргызстандын президентинин жардыгы менен 2008-жылы 5-октябрда жергиликтүү Кеңештерге шайлоолорду өткөрүү белгиленди. “Азаттыктын” таңкы түз обосунун мейманы Борбордук шайлоо комитетинин шайлоо жараяндары боюнча сектор башчысы Аманкул Молдалиев.

“Азаттык”: - Адегенде айтсаңыз, уюштуруу маселелери кандай жүрүп жатат. Шайлоо кандай тартипте өтөт, кандай өзгөчөлүктөрү болот экен?

А. Молдалиев: 4-августта президентибиздин 275-жарлыгы чыкты. Буга ылайык жергиликтүү кеңештерге (райондук, шаардык, айылдык, поселкалык Кеңештер) депутаттарды шайлоо 5-октябрь 2008-жылга дайындалды. Бул республикада болчу дагы бир чоң саясий өнөктүк деп эсептейбиз. Анткени жылдан жылга жергиликтүү бийликтердин, өкүлчүлүктөрдүн укуктары кеңейтилип жатат. Ошондуктан бул шайлоону өткөрүүгө республиканын шайлоочулары, саясий партиялар да жоопкерчилик менен мамиле жасап, өзүлөрүнүн талапкерлерин көрсөтүүгө жоопкерчилик мамилеси менен келет деп эсептейбиз.

“Азаттык”: - Бул жерде сиз комиссия жөнүндө айтып атсаңыз керек. Айтсаңыз өлкө боюнча канча жергиликтүү Кеңешке шайлоо болгону жатат?

А. Молдалиев: Өлкө боюнча 40 райондук, бир республикалык маанидеги, Бишкек шаардык, 9 облустук маанидеги шаардык, 12 райондук маанидеги шаардык жана 425 айылдык, поселкалык Кеңештерге депутаттарды шайлоо белгиленип жатат.

“Азаттык”: - Булардын ичине Бишкек, Ош шаардык Кеңештери киреби?

А. Молдалиев: Бишкек шаары кирет. Ал эми Ош, Токмок, Каракол шаарлары кирбейт. Анткени бул шаарларда шайланган депутаттардын 4 жылдык мөөнөтү бүтө элек. Ошондуктан бул 3 шаарда шайлоо өткөрүлбөйт. Ошондой эле дагы 28 айылдык, поселкалык Кеңештерге шайлоолор өтпөйт, алардын дагы 4 жылдык мөөнөтү бүтө элек. Ал эми президентибиздин жаңы жарлыгы боюнча дагы 13 айылдык, поселкалык Кеңештер алдыда жоюлуп жатканына байланыштуу, башкача айтканда ирилештирип, 13 айылдык, поселкалык Кеңештерде шайлоолор өткөрүлбөйт. БШК бул тууралуу толук маалыматты массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка берип турат.

“Азаттык”: - Азыр эми шайлоо комиссиялары топтолуп жатат да. Канча шайлоо комиссиясы, кандай тартипте уюштурулуп жатат?

А. Молдалиев: Алдыдагы саясий өнөктүктө БШКнын аппараты, алардын жетекчилиги абдан жогорку жоопкерчиликтүү мамиле жасап, уюштуруу иштерин жүргүзүштү. Мисалы кечээ Указ жарыяланды эле, бүгүн жумушчу күндүн экинчи жарымында БШКнын заседаниеси белгиленип атат. Анда эң биринчи кезектеги бардык шайлоо комиссиялардын деңгээлиндеги уюштуруучулук практикалык иш чаралардын календарлык планы бекитилет. Бул абдан чоң жумуш. Ошондой эле бүгүн республикалык деңгээлдеги жана жергиликтүү ММКларына шайлоочулардын, саясий партиялардын эсине сала турган жарыя берилиши керек. Анда алардын райондук, шаардык округдук Кеңештердин курамына өздөрүнүн өкүлдөрүн сунуш кылуу боюнча маалыматтар берилмекчи.

“Азаттык”: - Канча каражат кетет экен шайлоону өткөрүүгө, аныктап көрдүңөрбү?

А. Молдалиев: Биз бул долбоорду азыр БШКга сунуш кылып атабыз. Эми аны заседаниеден карап бекитмейинче, мен аны айта албайм, шашылыш болуп калат. Маселе каралып жатат бул боюнча.

“Азаттык”: - Мурда көп учурда БШКнын дарегине дооматтар көп айтылчу. Өткөн парламенттик шайлоодо да ушундай болду. БШК тарабынан кетирилген катачылыктарды жоюу боюнча алдын-алуучу кандайдыр бир чаралар көрүлүп жатабы?

А. Молдалиев: БШКда шайлоонун дооматтары аз болуш үчүн, мисалы мен сизге айта кетейин, бардык деңгээлдеги Кеңештерге 7 миң 700 депутат шайланышы пландаштырылып атат. Бул үчүн эки миң бир жүздөн ашык шайлоо участкалары түзүлөт. Ошол шайлоо участкаларынын, округдарынын курамында 20 миңден ашык адамдар иштеш керек. Эми ошол дооматтар, мыйзам бузуулар аз болуш үчүн биздин эң биринчи милдетибиз - шайлоо комиссияларынын курамдары менен окууларды, семинарларды, мыйзамдын талаптарын так аткаруу боюнча иш чараларды өткөрүшүбүз керек.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG