Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

ИРАН: УНИКАЛДУУ РАКЕТАБЫ, ЖЕ СУУ КЕЧПЕГЕН КАЛППЫ?


Расмий Тегеран жакында эле радиусу 300 чакырымдай аралыкка жетип, деңиз кемесин кыйратууга кудуреттүү согуш куралын сыноодон өткөргөнүн маалымдады. Ирандын расмий маалымат каражаттарынын Ислам революциялык кошуунунун колбашчысы Мохаммед Али Жафариге (Mohammad Ali Jafari) шилтеме жасап кабарлоосуна караганда, эгерде кимдир бирөө Иранга кол салчу болсо, сыноодон ийгиликтүү өткөн бул курал Ормуз кысыгына чейинки аралыкты көзөмөлдөп, тийешелүү бутага жеңил-желпи жетиши ыктымал.

Ислам Революциялык Кошуунунун баш колбашчысы Мохаммед Али Жафари 4-июлда (дүйшөмбүдө) Тегеранда сүйлөгөн сөзүндө Иран сыноодон өткөргөн жаңы деңиз аскер-куралы дүйнөдө уникалдуу болгонун жана “Ирандын чек арасына радиусу 300 чакырымдай аралыкка жакындаган ар кандай душмандын кемеси эч соо калбай турганын” айтты:

- Бул курал толугу менен ирандык адистер тарабынан даярдалды жана биздин маалымат боюнча буга чейин эч бир башка өлкө мындай технологияны колдонгон эмес.

Ушул тапта Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу расмий Тегеран менен Батыш өлкөлөрү ортосунда тирешүү күчөп барууда. Батыш Иран өзөктүк бомба даярдоодо деп эсептесе, расмий Тегеран мындай айыптоолорду четке кагып, өлкөдөгү өзөктүк программа тынчтык максатында гана жүзөгө ашырылып жатканын айтып келет.

Буга чейин кабарлангандай, дүйнөнүн ири өлкөлөрү эгерде расмий Тегеран уранды байытуу иштерин токтотсо, өлкөгө экономикалык жеңилдик көрсөтүүнү убада кылышкан. Иран 2-августта жооп бериши керек эле, бирок азырынча расмий Тегеран үн ката элек.

АКШ жана Израил болсо өзөктүк программага байланыштуу чатакты дипломатиялык жол менен чечүү ыкмаларын колдоп келгени менен Иранга карата аскерий аракеттердин ыктымалдуулугун дагы жокко чыгарбайт.

Талдоочулар, мына ушундан улам 4-августта Мохаммед Али Жафари Иран бардык аскерий соккуларга жооп берүүгө чамасы жетерин эскертти деп жоромолдошууда. Өз сөзүндө Жафари “эгерде душмандар Иран менен кыска мөөнөттүү согушту издесе, алар терең жаңылышат” деп белгиледи.

Ирандын Ислам революциялык кошуунунун жетекчиси Жафари мындан ары Иран Перс булуңундагы Ормуз кысыгы аркылуу өткөн маанилүү мунай соода жолун чексиз мөөнөткө жаап салууга кудурети жетерин да кошумчалады.

АКШнын Отун-кубат маалымат башкармалыгынын (EIA) эсебине караганда, деңиз жолу менен өткөн дүйнөлүк мунайдын 40 пайызы Иран менен Омандын ортосундагы тар кысык - Ормуз кысыгы аркылуу өтөт.

Ушул эле статистикага ылайык, өткөн айда Перс булуңунда жайгашкан мунай өндүрүүчү өлкөлөрдөн Ормуз кысыгы аркылуу Азия, Европа жана АКШга күнүнө 15 миллиондон ашуун баррел мунай өтүп турган.

Эл аралык аскер адистери Ирандын Ормуз кысыгын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берчү аскерий багыттагы мындай жетишкендиктеринен күмөн санашат. Ассошиейтед Пресс маалымат агенттиги жөөт серепчиси Эфрайм Камдын сөзүнө шилтеме жасап, расмий Тегеран аскерий мүмкүнчүлүктөрүн ашкере эле мактап жатканын жана адатта алар уникалдуу курал деп көтөрмөлөп айткандары чындыгында жөнөкөй эле курал болуп чыгарын жазды.

Доуг Ричардсон - "Jane's Missile and Rockets" журналынын редактору. Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Фарда кызматына берген маегинде Ричардсон Иран сыноодон өткөргөн жаңы деңиз аскер- куралы Орусиядан сатып алган ракета болушу ыктымал деген божомолун айтты:

- Мен дүйнө жүзүндөгү радиусу 300 чакырымга жетчү жана кемелерди ойрон кыла ала турган бардык ракеталардын түрлөрүн карап чыктым. Биз 2005-жылы эле ирандыктар Орусиядан кемелерди талкалай алган “Клуб” деп аталган жана ушундай узактыктагы аралыкка жете алган ракета сатып алганын билебиз. Демек, тээ 2005-жылы сатып алынышы белгиленген бул ракетанын негизги жабдуулары 2008-жылы жеткирилсе керек да, ушул учурда сыноодон өткөрүлсө керек деп жоромолдоого болот.

Эскерте кетсек, өткөн айда Иран “Шахаб” ракетасынын 2 миң чакырымдай аралыкка жете турган жаңы үлгүсүн сыноодон өткөргөнүн кабарлаган болчу.

XS
SM
MD
LG