Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Ирандын өзөктүк программасы боюнча жообу сынга алынды


Иран уран байытуу программасын токтоткон шартта берилүүчү жеңилдиктер боюнча дүйнөнүн ири алты өлкөсүнүн сунуштарына берген жообу кабыл алынгыс. Бул тууралуу америкалык расмий өкүлдөр билдирүүдө. Алардын айтымында, Иран кечээ Еврошаркеттин тышкы саясатын тейлеген Хавьер Соланага тапшырган жана бир беттен турган документти жооп катары эсептөөгө болбойт. Анда Иран тынчтык максатта өзөктүк иштерди жүргүзүүгө укуктуу экендиги тууралуу мурдагы талабы гана кайрадан билдирилген. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германия бүгүн бул маселени телефон аркылуу талкуулаган жатат.
Мурдараак АКШнын Мамлекеттик департаменти, Ирандан оң жооп болбогон шартта, ага каршы кошумча чаралар көрүлөрүн эскерткен болчу.

XS
SM
MD
LG