- 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин биз ушунчалык улуу үмүт менен Курманбек Бакиевге ишенип турдук эле. Тилекке каршы ал революция жасагандардын, элдин тилегин таш каптырды. Үй-бүлөлүк башкаруу ого бетер күчөдү.
Т.Тургуналиев 2005-жылдан кийин президентти колдоп бир топ оппозиция өкүлдөрүнө сын айтканын, бирок кийин аны колдоп ката кылганын дагы бир жолу түшүнгөнүн өкүнүч менен “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Ошондой эле ал, эми мындан ары башкаруу системасын, бийликти өзгөртүү зарылдыгын, анткени үй-бүлөлүк башкаруунун күчөшүн президенттин өзү да токтотууга алсыз болуп калганын баса белгиледи.
Башкаруучу “Ак жол” партиясынын өкүлү, депутат Бегалы Наргозуевдин пикиринде, өлкөнүн демократиялык багыты жай болсо дагы акырындан алга жылып барат. Ошондой эле ал 2005-жылга чейинки үй-бүлөлүк башкаруу менен азыркы башкарууну салыштырууга болбосун, мурдагыдай үй-бүлөлүк башкаруу тарыхта калганын айтат:
- Мурунку бийлик тушунда президенттин кызы да, баласы да бийликке келүү үчүн депутаттыкка ат салышып, ачык эле аралашышкан. Өзүңүздөр көргөндөй былтыркы парламенттик шайлоо учурунда президенттин бир дагы тууганы шайлоого катышкан жок. Андан сырткары Жусупбек Бакиев көзү түрүүсүндө ушундай ызы-чуу болуп, “АРИСтин” жетекчилигинен баш тарткан. Ал эми Жаныш Бакиевди майлуу-сүттү жерге койгон жок да. Ага өзүнүн жеке коопсуздугун ишенип берди, бир тууган инисине. Ошондуктан мен бул жерден эч кандай чектен чыгууну көрө албайм.
Айрым серепчилердин айтымында, өлкөнүн учурдагы башкаруу системасын талдоого алуу аркылуу авторитардык бийлик түзүмү толук өкүм сүрүп келатканын байкоо анча кыйынга турбайт. Ал эми авторитардык түзүлүштөрдө үй-бүлөлүк башкаруу көп кездешээри маалым. Ага Өзбекстан, Казакстан сыяктуу коңшулардын миллионер уул-кыздарынын ишмердүүлүктөрү, анан калса мурдагы президент мисал боло алат. “Ата мекен” партиясынын лидери, парламенттин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев бул тууралуу мындай дейт:
- Экономикалык, кадрдык, саясий маселелер болобу же башка маанилүү маселелер боюнча кимге барыш керек, кандай чечиш керек кыргызстандыктар билишет. Ар бир тармак, ар бир облус, ар бир министрлик президенттин тигил же бул адамынын кыйыр жетектөөсүнүн алдында турат бүгүн. Массалык маалымат каражаттары алардын колунда, соту, милициясы мыйзамды сактабайт.