“Азаттык”: - Сиз Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын орду боюнча кандай болжолду күтүп жатасыз? Буюрса эртең бул олимпиада башталганы турат.
Ө. Алмакүчүков: - Ар бир элде, ар бир өлкөнүн үмүттөрү бар да, олимпиадага татыктуу катышып, мамлекетти презентация катары көрсөтүп келели деп. Кептин баары медалдарда эмес, ар бир олимпиадага ар бир өлкө бери жагы 7-8 жыл бою даярдык көрө баштайт. Мен оюмча Бээжин олимпиадасына биздин жыйырма спортчунун барып катышканына жети-сегиз жыл мурда даярдык көрө баштаган, мамлекет тарабынан көмөктөр болгон. Эркин күрөш, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар деп ойлойм.
“Азаттык”: - Сиз айтып атпайсызбы, башка оюндун түрлөрү деп. Мен дагы ушул боюнча суроо берейин дедим эле. Сиз көп жылдан бери спорт тармагында иштеп, өзүңүздүн салымыңызды кошуп келатасыз. Эмне үчүн ушундай мүчүлүштүктөр болуп жатат, эмне үчүн Кыргызстан күчтүү спортчуларды даярдай албай жатат? Көп эле адистер Кыргызстанда күрөш тармагын эске албаганда чыгаан спортчулар чыгалбай жатат деп айтып келатышат?
Ө. Алмакүчүков: - Биринчиден, негизги нерсе - чоң каржылоо. Экинчиден, жеке эле курама команданы даярдабастан, жалпы Кыргызстан боюнча оюн түрлөрү боюнча иштерди күчөтүш керек, волейбол, баскетбол, футбол боюнча. Бүгүнкү күндө футбол боюнча жакшы ийгиликтерге жетип атат биздин атуулдар. Бирок волейбол, баскетбол жана башка түрлөр боюнча жалпы Кыргызстан боюнча даярдык жок. Олимпиадага барбай калганы ошол. 10-15 жылдан бери негизги жер-жерлерде ушул маселеге көңул бурбастан биз ушуга келип калдык.
“Азаттык”: - Бул мамлекеттин мүчүлүштүгү деп эсептейсизби?
Ө. Алмакүчүков: - Албетте бул мамлекеттин мүчүлүштүгү. Себеби жер-жерлерде спорт маселесин мамлекет чечиш керек. Дене тарбия маселеси аркылуу оюн түрлөрүн даярдаш керек.
“Азаттык”: - Ушул тапта сиз көркөм гимнастика федерациясын жетектеп келаткан экенсиз. Бул багытта иштер кандай жүрүп жатат. Эмне үчүн Кыргыстандын гимнасттары билинбейт, көрүнбөйт?
Ө. Алмакүчүков: - Гимнастика федерациясы боюнча жакшы жетишкендиктерге жеттик. Себеби буга чейин көркөм гимнастика боюнча биздин өкүлдөрүбүз эл аралык деңгээлде Азиялык оюндарга, чемпионаттарга бир дагы жолу катышкан эмес. Ошонун баарын уюштурдук. Бүгүнкү күндө көркөм гимнастиканын өкүлдөрү бардыгы дүйнөдө өтүп жаткан бүт мелдештерге катышууда.
“Азаттык”: - Маегиңизге чоң ырахмат.