Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

ТБИЛИСИ ЦХИНВАЛИНИ АТЫШУУНУ ТОКТОТУУГА ЧАКЫРДЫ


Кубат Чекиров, Прага Грузиянын президенти Михаил Саакашвили 7-августта кечинде сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Түштүк Осетиядагы ок атышууну бир тараптуу токтотконун билдирип, Цхинвалини Тбилиси менен чукул арада түз сүйлөшүүгө чакырды. Жикчил Түштүк Осетиянын бийликтери бейшембиге караган түнү бир катар айылдар жана баш калаа Цхинвалинин өзү Грузиянын аскерлеринин артиллериялык соккусуна алынганын билдирген. Грузия өз кезегинде атышууну биринчи болуп баштады деп кайра Түштүк Осетияны күнөөлөгөн. Грузия менен Түштүк Осетиянын бийликтеринин ортосунда 7-августка белгиленген жолугушуу да болбой калды.

Президент Михаил Саакашвили бейшембидеги сыналгыдагы кайрылуу сөзүндө Грузия тарап атышууну бир тараптуу токтотконун билдирди:

- Бир нече саат мурда айыгышкан артиллериялык атышууну токтотуу үчүн мен Грузиянын бир дагы аскердик же полициялык күчтөрү жаадырылган окко жооп катары ок атышпасын деп өлкөнүн башкы командачы катары өзүм үчүн оорго турган буйрукту бердим, - деди Саакашвили.

Президент Саакашвили Түштүк Осетиянын жикчил бийлигин жарашууга чакырып, толук автономияны убада кылып, түздөн түз сүйлөшүүлөрдү кечеңдетпестен дароо баштоону сунуш кылды.

Грузия менен анын жикчил аймагы Түштүк Осетиянын ортосунда 7-августка караган түнү айыгышкан атышуулар болгон. Түштүк Осетиянын бийлиги бир катар айылдар менен баш калаа Цхинвалини аткылоо маалында бир адам өлүп, 18 киши жарадар болгонун билдирген.

Орусия жан тартып жаткан жикчил аймактын лидери Эдуард Кокойты атышууну биринчи баштады деп грузин тарапты айыптаган:

-Орусиянын бейпилдик күчтөрү Цхинвали шаарына Грузия тараптан гранатометтон, минометтон жана ири калибрлүү куралдан ок жаадырууну токтотуу үчүн колдон келгендин баарын кылды. Бирок аткылоо токтогон жок, ошондон кийин бизге жооп кайтарып аткылашууга туура келди. Биз эми бардык багыт боюнча аткылашууну басайтуу үчүн бар арганы жасайбыз.

Грузиянын өлкө аймактарын кайрадан имерүү жаатын башкарган (ре-интеграция) министри Темур Якобашвили өз кезегинде согуштук аракеттерди баштады деп Түштүк Осетияны күнөөлөгөн:

- Алар жаңы ыкма ойлоп чыгышты. Алар бизди карай аскердик эмес объектилерден, мектеп жана ооруканалардан ок атып жатышат. Эгерде жооп катары аткылоо кандайдыр-бир кыйроолорго алып келсе, анда алар бул бүлгүнчүлүк учурларын грузиндерди жырткыч катары сыпаттап көрсөтүү үчүн пайдаланууга бараары бышык. Бул, чын-чынына келгенде, алардын өздөрү тарабынан жасалган варвардык иш-аракет, анткени алар өз үгүт саясатын карапайым тургундардын өмүрүнүн, ден соолугунун жана бакыбаттыгынын эсебинен жүргүзүп жатышпайбы!

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили 7-августта күндүзгү маалда Түштүк Осетиянын чек арасына жакын жердеги Гори шаарына барып, атышуудан жарадар болгон эки грузин жоокеринин акыбалын көрүп чыккан. Ал дагы Түштүк Осетия менен аны көптөн бери колдоп келаткан Орусияны күнөөлөгөн.

- Тирешүүнү ырбатуу Орусия Федерациясынын кызыкчылыгында эместигинде шегим жок. Бул - Грузия тараптын дагы кызыкчылыгына төп келбейт. Азыркы болуп аткандын баары – көптөн бери болуп жаткан жаалданган куралдануунун, 30 миңдей гана адам жашаган алакандай дубанга карата орус сыналгысы соңку бир нече күндөн бери жаадырып аткан тынбаган аскердик кызыл чечендиктин, согушчан үндөөлөрдүн кесепети болуп саналат. Мындай саясаттын жоопкерчилиги соңку көп жылдар бою жүргүзүп келаткандардын абийиринде.

Грузия менен анын жикчил аймактары Түштүк Осетия менен Абхазиянын ортосундагы салкын мамилелер соңку айларда өзгөчө ырбап кетти. Орусия Түшүк Осетияга каршы согуш баштады деп Грузияны айыптап чыкты. Эки жикчил аймак тең 1990-жылдардын башында болгон согуштан кийин Грузиянын борбордук бийлигине иш жүзүндө моюн бербей калышкан. Түштүк Осетия менен Абхазияны Орусиянын саясий жана каржылык колдоого алып жатышына Саакашвилинин каны кайнап, эки аймакты тең Тбилисинин көзөмөлүнө кайтарып алууга сөз берген. Грузиянын НАТОго кирүүгө умтулган аракети болсо, өз кезегинде, жикчил аймактарды шыкактап колдоого алган Орусиянын жанын кашайтууда.

Грузиянын Батыштагы башкы өнөктөшү болгон Кошмо Штаттар шаршембиде 6-августта бардык тараптарды сүйлөшүүлөрдү улантууга үндөп чыкты.

7-августта Цхинвалиде Грузия менен Түштүк Осетия бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өтмөк, бирок Түштүк Осетиянын бийликтери эки тараптын тең өкүлдөрүнөн тышкары Орусия менен Түндүк Осетиянын өкүлдөрү кирген Биргелешкен көзөмөл комиссиянын форматында гана сүйлөшүүнү талап кылып, жолугушуудан баш тартып коюшту.

XS
SM
MD
LG