Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

ГРУЗИЯ ЖАНА ТҮШТҮК ОСЕТИЯ УРУШУНДА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?


Амирбек Усманов, Прага Өткөн түнү Тбилисинин амирин тааныбаган Түштүк Осетияда уруш башталды. Грузия аскерлери Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалинин «чоң бөлүгүн» ээлегенин билдирди. Президент Михаил Саакашвили Грузияда жалпы мобилизация жарыялады. Орусия Грузиянын аракетин «баскынчылык» деп атап, ал «жоопсуз калбасын» эскертти. Саакашвили 7-августа бир жактуу элдешүү жарыялаган. Бирок, эки сааттан кийин жикчилер грузин кыштактарын аткылады деп, грузин аскерлер Түштүк Осетияга согуш ачкан.

Грузиянын куралдуу күчтөрү жума күнү Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалини аткылоону улантты. Уруш Москва колдогон Түштүк осетиялык күчтөр менен грузиялык аскерлердин өткөн түнкү аткылашуусунан кийин башталган. Президент Михаил Саакашвили жума күнкү телекайрылуусунда Цхинвалинин «чоң бөлүгү» бошотулганын айтып, Орусияны Грузиянын аймагына абадан кол салууда деп күнөөлөдү. Өлкөнү куралга чакырды:

- Биз өлкөбүздү чогуу коргошубуз абзел.

Грузиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Каха Ломия урушта грузин букараларынын каны төгүлгөнүн билдирди:

-Президент Саакашвили жарыялаган бир жактуу элдешүүгө жана сунушка жооп кылып, жикчилер Тамарашени жана Приси кыштактарын аткылашты. Биздин маалымат боюнча, карапайым эл арасында жоготуулар бар.

Ырасмий Тбилиси грузин аскерлери Түштүк Осетияга Орусия жактан кирген эки кербен желдеттер менен салгылашканын, аскерий операция «бекем тынчтык» орнотулганча улантыла берерин билдирди.

Түштүк Осетия жетекчилиги чабуулду айыптап, Саакашвилинин элдешүү сунушун «элдин көзүнө саман салуу» максатында жасалган амал деп сыпаттады.

- Бул пландалган акция болду. Тынчтык жана достук, аскерий аракеттердин токтотулганы жөнүндөгү сөздөр көзгө саман салган айла экенин бизге бүгүнкү окуялар көрсөттү. Грузин жак көп кан төгүлгөнүнө карабай, сүйлөшүүнү улантууга көнөт деген үмүттөбүз, деп билдирди Түштүк Осетиянын Москвадагы чабарманы Дмитрий Медоев жума күнү.

Орусия 1990-жылдардын башында Грузиядан өзүн күнкорсуз жарыялаган Түштүк Осетия жана Абхазияны саясый жана каржылык жактан колдоп келет.

Бээжинде жүргөн Орусиянын премьер-министри Владимир Путин Грузин жетекчилигин Олимпиада Оюндары учурунда «баскынчылыкка» барганын, анын кесепетинен орусиялык тынчтык күчтөрүнүн бир нече жоокери курман болгонун айтып: «Бул өтө өкүнүчтүү. Бул өтө кооптуу. Бул, албетте, каршы жоопту жаратат», деди. Ошондой эле ал буларды айтты:

- Менде кытайлык өнөктөштөрүбүз жана Кошмо Штаттардын президенти менен сүйлөшкөнгө мүмкүндүгүм болду. Алардын ар бири «Эч кимге согуштун кереги жок» деп бир ооздон айтышты.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Бээжинде орусиялык өнөгү Владимир Путин чогуу жасаган билдирүүсүндө Грузиянын жана Түштүк Осетиянын жетекчилигин ынтымакка үндөдү:

- Менин оюмча, грузин жетекчилиги курч кырдаал жөнүндө алдын ала айтпай,туура эмес жасады. Мен үчүн бул проблемадан кутуулунун тынчтык жолуна альтернатива жок сыяктуу.

Өткөн түнү Орусиянын демилгеси менен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши шашылыш чогулуп, Түштүк Осетиядагы кырдаалды талкуулады. Орусиялык элчи Виталий Чуркин Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Грузия урушту баштап, эл аралык өнөктөш катары ишеничтен чыкканын айтты:

-Бул аракеттин натыйжасында, Тбилиси, грузин жетекчилиги-Улуттар Уюмунун принцибине ылайык сүйлөшүү жараянында жана эл аралык байланышта жооптуу тарап катары ишенимден чыкты.

Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү Орусия сунуш кылган резолюциянын долбоорун бекиткен жок. Долбоордо Грузия жана Түштүк Осетияга урушту тез токтотуу сунуш кылынган эле.

НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Скеффер Түштүк Осетиядагы кырдаалга өтө кабатыр болуп, каршылашкан жактарды урушту токтотууга жана сүйлөшүүнү улантууга чакырды.

XS
SM
MD
LG