Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

ЦХИНВАЛИДЕ КАЙРАДАН АЙЫГЫШКАН АТЫШУУЛАР БОЛДУ


Кубат Чекиров, Прага Ишембиге караган түнү Түштүк Осетиянын баш калаасы Цхинвалиде кайрадан айыгышкан атышуулар болду. Цхинвалинин түштүгүндө Орусиянын бейпилдик күчтөрү менен Грузиянын аскерлери бири-бирине ок жаадырышты. Тбилисинин кабарында грузин аскерлерин көздөй Цхинвалинин жанындагы токойдо жашынып жаткан түштүкосетиялык күчтөр ок атып жатышканы айтылат. Орусиянын аскердик булактарынын маалыматына караганда, Цхинвалиде кыйроолор жана курмандыктар көп. Тбилисинин айтымында, өткөн суткада Орусиянын учактары Грузиянын Поти шаарын жана Сенаки аскердик базасын бомбалашкан. Грузия ишемби күнү аскердик абал киргизген жатат. Ал ортодо чукул жыйынга чогулган БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түштүк Осетиядагы кырдаалды талкуулап, бир чечимге келе албады, маселе ишембиге калды.

Грузиянын бийликтери ишембиде өлкөдө аскердик абал киргизгени жатат. Грузиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Каха Ломая президент Михаил Саакашвилинин, парламенттин жана мамлекеттик мекемелердин Тбилисиден эвакуация болгонун билдирген. Ломаянын айтымында, жума күнү түн ичинде Орусиянын учактары Грузиянын Поти шаарын жана Сенаки аскердик базасын бомбалашкан.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши соңку суткада тыным албай чукул отурум өткөрүп, Түштүк Осетиядагы кырдаалды талкуулап, бир чечимге келе албады. Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү жабык эшиктин артында куралдуу кагылышты токтотуунун жолун издеп, бирдиктүү позицияга токтой албай жатышат. Кеңешип кесүү ишембиде улантыла турган болду. Жума күнкү жыйында Грузиянын БУУдагы өкүлү Орусияны мурдатан даярданып туруп согуштук аба күчтөрүнүн колдоосу менен Грузияга басып кирди деп күнөөлөгөн. Орусиянын өкүлү өз кезегинде грузин аскерлери Түштүк Осетиядагы бейпилдик күч катары кызмат кылган орус аскерлерин көздөй атайылап аткылап, Түштүк Осетияда этникалык тазалоо жүргүзүп жатат деп билдирген.

Куралдуу кагылышуудан аскерлер менен катар жүздөгөн карапайым адамдар да набыт болуп жатканы айтылууда. Орусия тараптын соңку маалыматтарына караганда, Цхинвалиде кыйроолор жана курмандыктар көп, 12 бейпилдик аскери курман болуп, 150 жарадар.

Президент Саакашвили болсо Грузиянын отуз жараны мерт болгонун билдирген. Түштүк Осетиянын лидери Эдурад Кокойтынын айтымында, айыгышкан атышуунун натыйжасында карапайым калктын ичинен бир миң төрт жүз чамал адам көз жумган. Бул маалыматтарды көз каранды эмес булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.

Ал ортодо АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Грузияны бомбалоону токтотууга жана ал жактан аскерлерин алып чыгып кетүүгө Орусияны чакырган билдирүүсүн жасады. Андан мурдараак Президент Жорж Буш Грузиянын аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн АКШнын колдоосун билдирген. ЕККУ, Европа Биримдиги жана НАТО бардык тараптарды куралдуу кагылышууну токтотууга үндөп жатышат. ЕБ менен ЕККУнун өкүлдөрү кандуу кармашты токтотуу максаты менен Түштүк Осетияга жөнөп кетишти.

Грузиянын тышкы иштер министри Екатерина Ткешелашвили расмий Тбилиси дүйнөнүн ири мамлекеттеринин жетекчилерине өзү “Орусиянын аскердик баскынчылыгы” деп атаган жараянды токтотуу үчүн расмий Маскөөгө кысым жасоого үндөдү. Саал мурдараак Президент Михаил Саакашвили Орусиянын 150дөй бронетранспортеру коштогон куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү жикчил Түштүк Осетия аймагына жума күнү түштөн кийин киргизилгенин айткан. Орусиянын коргоо министрлиги бул аскерлер бейпилдик күчтөрүн чыңдоо жана аймактагы орусиялык атуулдарды коргоо үчүн жиберилди деп маалымдаган болчу.

XS
SM
MD
LG