Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

ТҮРКИЯНЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫНДАГЫ “АПТАПТУУ КҮНДӨР”


Аким Өзгөн, Стамбул Грузия менен Орусиянын ортосунда ырбап бараткан Түштүк Осетия жаңжалына эки өлкө менен бирдей дурус мамиледеги Түркия жакындан байкоо салууда. Кечээ өкмөт башчы Эрдоган Грузиянын президенти Саакашвилиге телефон чалып, жаңжалды тынчтык жолдор аркылуу чечүү зарыл экенин билдирди.

Бул күндөрү Түркияны түйшөлтөн эки нерсе болууда. Бир чети, түндүктөгү кошунасы, стратегиялык өнөктөшү Грузияда алоолонуп бараткан согуш оту болсо, экинчиси, бул өлкө аркылуу Азербайжандын мунайын Жер ортолук деңизге алып чыккан Баку-Тбилиси-Жейхан (БТЖ) мунай боро түтүктөрү өткөн аймактагы Курд жумушчу партиясынын (ПКК) жикчилдери тутанткан өрт болууда.

Үстүбүздөгү жуманын башында Баку-Тбилиси-Жейхан мунай агымынын токтошуна жана дүйнө базарларында кара майдын баасынын көтөрүлүүсүнө себеп болгон жардыруунун жоопкерчилигин Курд жумушчу партиясы жикчил тобу моюнга алды. Ал эми Кавказдагы улам курчуп бараткан согуштук жаңжалда тараптар бирин-бири айыптап, эл аралык коомдук пикирди өз тарабына тартуунун амалында.

Түштүк Осетиядагы жаңжал ырбап, Орусия менен Грузиянын ортосунда толук кандуу согушка айланып кетсе Түркия эң көп зыянга учурашы ыктымал. Өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган кечөө (8-август) шашылыш түрдө Грузиянын президети Михаил Саакашвили менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көп сандагы адамдардын өмүрүнүн кыйылуусуна алып келген кагылышуулар Түркияны терең тынчсыздандырып жатканын белгиледи. Ошондой эле Эрдоган Грузиянын башына мүшкүл түшүргөн Түштүк Осетиядагы жаңжал тынчтык жолдору аркылуу чечилүүсү зарыл деген расмий Анкаранын пикирин билдирди.

Экинчиден, Түркия түндүктөгү кошунасы Орусия менен дагы достук мамилесин сактап калууга кызыкдар. Жаратылыш газга болгон керектөөсүн Орусия аркылуу жабдыган Түркия Кавказиядагы жаңжал тууралуу бейтараптыкты кармап, бул “дөө өлкө” менен мамилелерин бузгуусу келбейт.

“Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат” дегендей, Анкаранын Тышкы иштер министирлигинин атка минерлери өтө кылдат дипломаттык позицияны карманып, тең салмактуу саясатты жүргүзүү үчүн күнү түнү уктабай иш аткарууда.

Түркияда чыгуучу “Акшам” гезитинин баш директору Сердар Тургуттун пикиринде, түрк дипломаттары өлкөнүн узак мөөнөттөгү таламдарын эсепке алуу жана глобалдык конъюктурага жакшы баа берүү менен бул кыйын абалды башкара алгыдай кенен тажрыйбага ээ. Сердар Тургут ишембиде чыккан макаласында Бээжиндеги “Путин-Буш жолугушуусуна” шилтеме берип, Кавказиядагы жаңжал тез арада басылып калаарына үмүтүн билдирген.

Тургуттун баамында, Орусиянын Грузиянын ички иштерине кийлигишүүсүнүн артында жаткан тымызын себептердин бири – АКШ Борбордук Европага ракеталык коргонуу системасын жайлаштыруу маселесинде Москванын нааразычылыктарын эсепке албашы эсептелет.

Кыскасы, ушул тапта Түркия тышкы саясатында абдан “ысык күндөрдү” башынан өткөрүп жатат. Албетте, бул жерде сөз бир гана аба ырайы тууралуу болуп жатпагандыгы айдан ачык.

XS
SM
MD
LG