Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

16:50 Ош: улуттук азчылыктардын укуктары бузуулууда


“Кыргызстан улуттук азчылыктардын укуктарын урматоого тийиш”, -
мындай пикирин Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ош облусунда иш сапары менен жүргөн учурунда билдирди.

Оштогу маалымат жыйынында ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү Эндрью Тесорьер мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды аткарбагандыгы үчүн өзбек тилдүү “Ош ТВ”, “Мезон ТВ” менчик телекомпанияларынын обого чыгуусун чектөөгө кабатырлангандыгын ачыктады. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин мындай кадамын улуттук азчылыктын укугун бузуу катары баалады. Оштук эксперт Алмаз Исманов “Ош ТВ”, “Мезон ТВ” кыргыз мыйзамдарына баш ийүүсү керектигин, бирок маселени ырбатпай сүлөшүү аркылуу чечүүгө болоорун билдирди. (АТо)

XS
SM
MD
LG