Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

ГРУЗИЯ: ТҮШТҮК ОСЕТИЯДА ЖАНА КОДОРИ КАПЧЫГАЙЫНДА СОГУШ АРАКЕТТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ


Грузиянын жикчил аймагы – Түштүк Осетияда айыгышкан салгылашуу бүгүн (ишембиде) да улантылууда. Мында Грузия менен Орусиянын куралдуу күчтөрү аймакты көзөмөлдөө үчүн бири-бири менен кырчылдашып кармашууда. Маалыматтарга караганда, жүздөгөн киши набыт болду жана он миңдеген карапайым кишилер согуш аймагынан качып чыгууда. Ишембиде абхаз аскерлери Кодори капчыгайынан грузин аскер күчтөрүн сүрүп чыгаруу үчүн чабуулга чыкты. Эл аралык коомчулук өкүлдөрү жаңжалдашкан тараптарга согуш аракеттерин тез арада токтотуу чакырыгы менен кайрылууда.

Согуш жаңжалы Грузиядан жиктелүүгө талаптанып келген Түштүк Осетия аймагынан сырткаркы жерлерге да жайылганы кабардалууда.

Расмий Тбилисинин маалымдашынча, орусиялык аскер учактары Грузиянын Кара деңиз боюндагы ири порт шаары Потини жана башка да грузиялык жайларды бомбалоого алды. Негизинен орус учактары аскер жайларын бутага алганы, бирок карапайым кишилер да жабыр тартып жатканы айтылууда.

Маселен, “Азаттыктын” Грузин кызматынын серепчиси Коба Ликликадзе айтылуу Гори шаарында болуп, орусиялык соккудан карапайым кишилер жабыр тарткан жерлерди өз көзү менен көрдү:

- Шаардын кире беришиндеги артиллериялык базанын жанынан биз өтө үрөй учурган көрүнүшкө күбө болдук. Бул базадан тышкары эки турак жай өрттөнүп жатыптыр. Короодо набыт болгондордун сөөктөрү жайнап жатат.

Коба Ликликадзенин маалымдашынча, Иосиф Жугашвили (Сталин) дүйнөгө келген бул шаардагы оорукана жарадар болгондордун баарын кабыл алууга жетише албай жатат:

- Сиздер, балким, тез жардам машиналардын жанымдан өтүп жатканын угуп жаткандырсыздар? Алар жаракат алган кишилерди Тбилисиге ташууда, анткени Гори шаарындагы оорукана эчак эле жарадарларга толуп калган.

Ишембиде Грузиянын парламенти өлкөгө 15 күндүк мөөнөткө чукул кырдаал киргизүүгө макулдук берди. Грузин мамлекет башчысы Михаил Саакашвили өлкө парламентине кайрылып, өлкөдө чукул кырдаал киргизүүгө макулдугун сураган болчу.

Саакашвилинин ишембидеги билдирүүсүнө караганда, Орусия Грузияга каршы аскердик баскынчылык аракетин толук масштабда жүргүзүүдө жана Орусиянын Кара деңиздеги деңиз аскер флотунун жоокерлери да Грузиянын Абхазия аймагына киргизилди. Грузин президенти эл аралык коомчулукка кайрылып, Кремлдин душмандык аракеттерин ооздуктатууга чакырды.

Соңку айыгышкан салгылашуулар 1990-жылдардын башындагы жикчил Түштүк Осетия менен Абхазиянын расмий Тбилисиге каршы куралдуу күрөшүнөн берки эң ири кагылышуу болуп калды.

Расмий Маскөө соңку күндөрү 30 миңден ашуун качкын Түштүк Осетиядан Орусия тарапка өткөнүн маалымдады. Ишемби күнү орус бийлиги аймактагы гуманитардык кризистин кесепеттерин жоюуга ар тараптуу көмөк көрсөтүлөөрүн билдирди. Орус президенти Дмитрий Медведевдин айтымында, орус бейпилдик күчтөрү Грузияны тынчтыкка мажбурлоо үчүн аскердик иш-чара өткөрүүдө.

Тышкы иштер Сергей Лавров болсо салгылашуулардын айынан 1500дөй киши набыт болгонун бүгүн (ишембиде) билдирди. Бирок ал Грузия менен кеңири масштабдагы согуш болбой турганын кошумчалады.

Ал эми Грузиянын дагы бир жикчил аймагы – Абхазия да ишембиде соңку согуштук жаңжалга кошулду. Абхаз күчтөрү Кодори капчыгайында аскердик чабуулду баштады.

Ройтер кабар агенттигинин Абхазиянын тышкы иштер министрине шилтеме кылып таркаткан маалыматына караганда, бүгүн Грузиянын жикчил аймагы – Абхазиянын аскер күчтөрү Грузиянын көзөмөлүндө турган Кодори капчыгайын грузин аскерлеринен тартып алуу үчүн согуш аракеттерин баштады.

Иш жүзүндө Абхазиянын президенти болуп саналган Сергей Багапш (Sergei Bagapsh) өз өкмөтүнүн аскердик камылгаларын жума күнү кабарчыларга мындайча баяндаган:

- Биз аскерлерибиздин бир бөлүгүн Грузия менен чек арабыз тарапка аткаруудабыз. Ушул тапта биз бейпилдик күчтөрү менен сүйлөшүп жатабыз. Аларга биз өз ишин аткарууга мүмкүндүк берүүгө аракеттенебиз, анткени биз өзүбүздүн милдеттенмени ар дайым так аткарып келебиз. Бирок Түштүк Осетияда кырдаал мындан ары кандайча өнүгөөрүнө карабастан, биз Грузия менен чек арабызды көздөй аскерибизди жылдыра бермекчибиз, анткени бүгүн Түштүк Осетия болсо, эртең – Абхазияга кезек келиши ыктымал. Биз муну жөн гана таштап карап тура албайбыз.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс билдирүү жарыялап, Орусияны согуш аракеттерин токтотуп, Грузиянын аймагынан куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Копсуздук кеңеши жума күнү чукул жыйынга чогулуп, бирок Грузиядагы окуялар жаатында бир пикирге келе алган жок. Жыйында орус жана грузин элчилери согуш аракеттери үчүн бири-бирин айыптап кайым айтышты. Ишембиде Коопсуздук кеңеши өз жыйынын улантат.

XS
SM
MD
LG