Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

ТБИЛИСИ СОГУШ ОТУ АЛООЛОНГОН ТҮШТҮК ОСЕТИЯДАН АСКЕРИН ЧЕГИНДИРЕ БАШТАГАНЫН АЙТУУДА


Соңку маалыматтарга караганда, Грузиянын жикчил аймагы Түштүк Осетияда айыгышкан салгылашуулар улантылып жатат. Грузиянын аскерлери расмий Тбилисиден алынган буйрукка ылайык Цхинвалиден жана башка түштүк осетиялык жерлерден чегине баштаганы кабардалды. Бул маалымат орусиялык тараптан тастыкталган жок. Ал эми Грузиянын дагы бир жикчил аймагы – Абхазия бүгүн калайыкты жапырт аскерге чакыруу өнөктүгүн баштады. Орус аскер деңиз флоту Грузияны Кара деңиз тараптан камалоого өткөнү маалымдалууда. Грузин өкмөтү Кошмо Штаттарга кайрылып, тынчтыкка жетишүү үчүн Маскөө менен Тбилисиге арачы болууга чакырды.

Грузин бийлигинин айтымында, бүгүн (жекшембиде) Тбилиси өз аскерлерин жикчил Түштүк Осетиянын грузин жана орус аскерлери кырчылдашып салгылашып келген бир катар аймактарынан чыгарып кете баштады. Бул кадамды Грузиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Александр (Каха) Ломая грузин тарабынын согуштук тирешүүнү токтотууга болгон ниетин көрсөтүү үчүн жасаганын кабар агенттиктери билдирүүдө.

Ал эми орусиялык колбашчылар болсо Түштүк Осетияда грузин аскерлери менен салгылашуу улантылып жатканын, кырдаал дагы эле курч бойдон кала берип жатканын айтууда. Түштүк Осетиянын ордо шаары Цхинвалинин басымдуу бөлүгү орусиялык аскерлердин көзөмөлүндө экенин орус коргоо министрлиги жекшембиде маалымдады.

8-августка караган түнү грузин аскерлери Түштүк Осетия аймагын көзөмөлгө алуу үчүн аскердик өнөктүктү баштаган соң, орусиялык аймак - Түндүк Осетия тараптан Түштүк Осетияга орус танктары киргизилди жана орус учактары бир катар грузиялык шаар-кыштактарды бомбалоого алды.

Грузиянын айтымында, Орусия Түштүк Осетия менен дагы бир грузиялык жикчил аймак – Абхазияга кошумча 10 миң аскер киргизгенин айтууда. Андан тышкары, Кара деңизде орусиялык Кара деңиз аскер флоту өз согуш кемелерин Грузиянын деңиз жээгин камалоого аттандырганы маалымдалууда.

Жекшемби күнү таңга маал Грузиянын ордо шаары Тбилисиге жакын жайгашкан аскердик аба майданы орусиялык учактар тарабынан бомбалоого алынды.

Бүгүн (жекшембиде) Грузиянын парламентинин спикери Давид Бакрадзе (David Bakradze) сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, орус куралдуу күчтөрү Грузиянын Абхазияга жакын жайгашкан Зугдиди шаарына чабуул жасоого ниеттенип жатканын эскертти:

- Биздин колубуздагы тастыкиталган жана ишенимдүү маалыматка караганда, орусиялык аскер күчтөрү алдыдагы бир нече сааттын ичинде Зугдиди шаарын көздөй чабуулга өтүүгө беленденип жатат.

Ал эми Абхазиянын жикчил бийлигинин жетекчиси Сергей Багапш 1 миң жоокерин Кодориге жиберип жатканын айтты. Андан тышкары, Абхазиянын жикчил бийлиги өзүн-өзү эгемен жарыялаган аймактын калкын жапырт аскерге чакырган өнөктүгүн жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши ишемби күнү (9-августта) да Грузиядагы окуяларды талкуулоо үчүн чукул отурумга чогулуп, бирок бул жаңжал менен байланыштуу эч кандай чечимге келе алган жок.

Ишембиде БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде чыгып сүйлөгөн Орусиянын БУУдагы элчиси Юрий Чуркин орус аскерлери карапайым кишилерди бутага албаганын айтты:

- Биз Түштүк Осетиянын аймагынан сырткаркы эч кандай жерди басып алып жаткан жокпуз. Биз мындайга барган жокпуз. Экинчиден, албетте, биз эч кандай карапайым кишини бутага алган жокпуз. Эгерде карапайым кишилерден кимдир-бирөөлөр жапа чеккен болсо, албетте, муну жокко чыгара албайсыз, анда бул өтө кейиштүү окуя.

Элчи Чуркиндин айтымында, эгерде Түштүк Осетиядан сырткаркы айрым жерлер бомбалоого дуушарланган болсо, бул аракеттер тек гана Түштүк Осетиядан сырткаркы жерде жайгашкан грузин аскер күчтөрүнүн ооруктук жардамын болтурбоо үчүн жүзөгө ашырылган жана бейпилдик күчтөрүнүн өнөктүгүн колдоого алган иш-чара катары каралууга тийиш.

Грузин президенти Михаил Саакашвили өз өлкөсүнүн демократиялык түзүлүшүн ойрон кылгысы келип жатат деп Кремлди айыптады.

Ишембиде Түштүк Осетиянын ордо шаары Владикавказга келген орус премьери Владимир Путин болсо Грузияны “канга бойолгон укмуштуу окуяны” издеп жатат деп айтты.

Расмий Киев болсо Грузиянын Кара деңиз жээгине жөнөтүлгөн орусиялык аскер кемелерин кайра Севастополго киргизбей койо турууга укугу бар экенин билдирди.

Украин тышкы иштер министрлиги бүгүн (жекшембиде) таркаткан билдирүүдө Орусиянын Кара деңиз флотунун Түштүк Осетиядагы окуяларга кийлигишүүсүнө расмий Киевдин каршы экендиги эскертилет. Кремл өз аскер кемелери Грузиянын жээк боюна келгенин тастыктаган, бирок алардын милдети – сырткаркы жактардан Грузияга курал-жарактардын келишин болтурбоо жана “болжолдуу гуманитардык жардамдарды уюштурууга көмөкчү болуу” экендиги айтылган.

Грузия бийлиги АКШга кайрылып, Вашингтондон Түштүк Осетиядагы жаңжалды токтотуу жаатында Кремль менен Тбилисинин арачысы болуп берүүнү өтүндү.

Расмий Вашингтон грузин-түштүк осетин чатагында Орусиянын жүргүзгөн соңку аскердик аракеттерин “өтө кооптуу” деп баалаган өкүнүч пикирин билдирди.

Европа Биримдиги, АКШ жана НАТО өлкөлөрүнүн орток өкүлчүлүгү кырдаалды жеринен үйрөнүү жана ок атышууларды токтотууга көмөкчү болуу үчүн Грузияга жиберилгендиги кабардалды.

Орус-грузин аскер чатагы Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Бул тууралуу Евробиримдиктин ушул таптагы төрагасы Франциянын билдирүүсүндө айтылат. “Евробиримдик Грузиянын аймактык бүтүндүгүнүн жана эгемендүүлүгүнүн сакталышын толук колдойт” деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары билдирүүдө Евробиримдик аскер чатагы тутанган аймакта атышууларды токтотууга жана расмий Москваны Грузиянын сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу сунушуна оң жооп берүүгө үндөгөнү айтылат. Кабарларга караганда, Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер кырдаалды жөнгө салуу максатында Грузияга бармакчы.

XS
SM
MD
LG