Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Украина Орусиянын Кара деңиз флотунун Түштүк Осетиядагы окуяларга кийлигишүүсүнө каршы


Расмий Киев болсо Грузиянын Кара деңиз жээгине жөнөтүлгөн орусиялык аскер кемелерин кайра Севастополго киргизбей койо турууга укугу бар экенин билдирди. Украин Тышкы иштер министрлиги бүгүн (жекшембиде) таркаткан билдирүүдө Орусиянын Кара деңиз флотунун Түштүк Осетиядагы окуяларга кийлигишүүсүнө расмий Киевдин каршы экендиги эскертилет. Кремл өз аскер кемелери Грузиянын жээк боюна келгенин тастыктаган, бирок алардын милдети – сырткаркы жактардан Грузияга курал-жарактардын келишин болтурбоо жана “болжолдуу гуманитардык жардамдарды уюштурууга көмөкчү болуу” экендиги айтылган.

Зейнеп Мартбек кызы, Прага

XS
SM
MD
LG