1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшү падышалык Россияны сестентпей койгон эмес. Жергиликтүү бийлик коркунучтуу көрүнүштүн тамырын кыркуу үчүн үчүн чечкиндүү чара көргөн. Пишпек уездине караштуу Түлөберди волостунда чыккан көтөрүлүштү басыш үчүн беловодскилик пристав кулактардан кол курап, 11-августта алар Түлөберди болуштугуна каптап киришкен. Натыйжасында, 138 адам камакка алынып, алар Беловодск айлына жеткирилген.
1916-жылкы кыргыздардын боштондук кыймылы башка калк өкүлдөрүнө да зор таасир тийгизген. Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көтөрүлүшүн дунгандар колдошуп, 11-августта Марин волостунун дунгандары көтөрүлүштөрдүн катарына кошулушкан жана Пржевальск шаарын камалоого катышышкан.
1921-жылдын бул күнү Түркстан коммунисттик партиясынын VI съезди ишин баштаган.
1930-жылдын 11-августунда Кыргыз областтык ВКП (б)нын аткаруу комитети партиянын кантондук жана райондук бөлүмдөрүн жою туурасында чечим чыгарды. Аткаруу комитеттин бүтүмүнө ылайык мындан ары алар түздөн-түз Кыргыз областтык ВКП (б)сына баш ийишкен.
1933-жылы Москва Борбордук геологиялык-чалгындоо илимий изилдөө институтунун ага геологу Д. Яковлев Сары жаз кырка тоосу менен Сталин жана Лежава чокулары жайгашкан аймакта көлөмдүү алтын кенин тапкандыгын кабарлаган. Анын билдирүсүнө ылайык Хантеңри чокусуна жакын жайгашкан Бүркүт кенинде алтын, күмүш, кобальт жана башка баалуу темир заттары орун алган.
1938-жылдын бу күнү академик Марр атындагы Ленинград тарых академиясынын материалдык маданият археологиялык экспедициясы Талас өрөөнүнүн Садыр коргон жана Кулан чалдыбарында баалуу тарыхый ачылыштарды жасашты. Белгилүү археолог А. Н. Бернштам жетектеген археологдор VIII-XIII кк. таандык искусство жана колөнөрчүлүк үлгүлөрүн табышкан.
Бу күнү, 1378-жылы москвалык князь Дмитрий баштаган орус жоокерлери Воже дарыясынын боюнда монгол-татар ханы Бегичтин колун талкалап, 1767-жылы Англияда акыркы жолу адам өрттөлүп, 1858-жылы голланд физиги, В1 витаминин ачкан Христиан Эйкман, 1926-жылы англис биологу жана Нобельдик сыйлыктын лауреаты Аорон Клуг жарык дүйнөгө келген.