Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ГРУЗИЯДАГЫ СОГУШ ҮЧҮН ОРУСИЯНЫ КҮНӨӨЛӨДҮ


Амирбек Усманов, Прага Батыш чабармандары Грузия жана Орусия арасындагы согушту токтотуунун далалатын кылууда. Бул тушта орусиялык аскерлер Грузиянын төрт шаарчасын, анын ичинде Горини басып алганы кабарланды. Президент Саакашвилинин кечээ билдиришинче, «Грузиянын Батышы жана Чыгышы арасындагы байланыш бузулду». Кийинчерээк Абхазияга чектеш Сенекиден орусиялык аскерлер чыгып кеткенин Москва маалымдады жана орус тарап Горини басып алды деген кабарды төгүндөдү. Президент Буш Грузиядагы кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасап, Орусияны Грузиянын бүтүндүгүн жана күнкорсуздугун урматоого чакырды. АКШ жана анын союздаштары Грузиянын калабалуу аймактарына эл аралык байкоочулардын кирүүсүн каалашууда. Москва бул планга каршы чыгууда.

Дүйшөмбү күнү Грузияга Евробиримдиктин атынан арачылык вазийпасы менен келген Франциянын Тышкы иштер министри Бернард Кушнер Гориде болгондон кийин карапайым эл арасында жоготуулар бар экенин ырастады:

-Тилекке каршы, урушта дүйнөдөгү бардык чатактардай эле жарандардын каны төгүлүүдө. Муну колдоп болбойт. Ошон үчүн биз согушту жектеп чектелбестен аны токтотуунун аракетин кылышыбаз абзел. Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стубб экөөбүздун визитибиздин максаты ушундай.

Саакашвилинин сөзүнчө, набыт болгондордун 90 пайызы карапайым жарандар.

Бээжиндеги Олимпиадалык оюндардан дүйшөмбү күнү кайтып келген АКШ президенти Грузиядагы кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады. Жорж Буш кайрылууда Москваны Грузиянын бүтүндүгүн жана эгемендигин сыйлоого чакырып, өлкөнүн батышчыл президенти Саакашивлинин өкмөтүн төңкөрүүгө Орусия аракет кылганы айкын болууда деди:

- Орусия күнкорсуз коңшу мамлекетке басып кирди, өлкөнүн калкы шайлаган демократиялуу өкмөткө коркунуч туудурду. XXI кылымда мындай аракетке орун жок.

Орусиянын берегидей аракети Москванын АКШ жана Европа менен болгон байланышына доо кетире турганын эскерткен Буш Грузия ок атууларды тез токтотууга макул экенине көңүл бурду:

- Грузия өкмөтү Орусия мурда сунуш кылган тынчтык келишиминине негизинен макул. Өлкө ок атууларды тезинен токтотууга, конфликтүү зонадан аскерлерин чыгарып кетүүгө, аскерлерди 6-августка чейинки өңүттөрүнө кайтарууга жана күч колдонууга барбоого даяр.

Ал эми Орусиянын президенти Грузиянын аймагындагы аскерий аракеттер токтотулбасына ишаара кылды. Дмитрий Медведев дүйшөмбү күнү Мамлекеттик думадагы парламенттик топтордун жетекчилери менен болгон кездешүүдө «Кавказ элдерин коргоо Орусиянын милдети» экенин баса айтты:

-Орусия тарыхый жактан Кавказ элинин коопсуздугунун кепили болуп саналат. Бул биздин миссиябыз жана милдетибиз. Биз эч качан регионго сырттан көз салган байкоочу боло албайбыз.

Медведев Түштүк Осетиядагы грузин аскерлерине каршы операция аяктап калганын, жикчил аймактын борбору Цхинвали орусиялык күчтөрдүн ээлигинде экенин да жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG