Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

ОРУСИЯ: БИР ТАРАПТУУ МААЛЫМАТ УЛУТЧУЛДАРГА ШЫКАК БОЛОТ


Эдил Сапарбек уулу, Бишкек Түштүк Осетия жана Абхазиядагы куралдуу кагылышууларды Грузия тарап Орусиянын баскынчылык аракети катары баалап жатса, орусиялык атка минерлер жана маалымат каражаттары бул жаңжалды Тбилиси атайын уюштурган “гуманитардык алаамат” катары чагылдырууга далбастоодо. Эл аралык серепчилердин айтымында, Кавказда аскердик жаңжал менен катар эле “маалымат согушу ” да жүрүүдө.

Жетисинен сегизинчи августка караган түнү куралдуу кагылышуулар башталгандан тарта, Грузия тарап Москванын жүргүзгөн куралдуу аракеттерин, эгемен өлкөгө каршы ашкере агрессивдуу кадам катары айыптап келет. Бирок орус төбөлдөрү мындай айыптоолорду четке кагып жатышат. Тескериснче, Москванын билдириши боюнча алар Түштүк Осетиянын тургундарын Грузиянын кысымынан бошотууга аракет кылышууда.

Англис тилинде чыккан “Бүгүнкү Орусия” (Russia Today) жаңылыктар булагы Түштүк Осетиядагы орусиялык аскерий күчтөрдүн аракеттерин мындайча баяндайт:

-Чоң гуманитардык кризиске тушуккан Цхинвали шаарын Грузин аскерлери кайрадан аткылады. Бейпил күчтөрдүн үч өкүлү набыт кеттип, дагы он сегизи жарадар болду. Ошондой эле Грузиялык күчтөр бул шаарга суу каптатуу амалын көрүшүүдө. Куралдуу кол салууга күбө болгон айрым адамдардын билдиришинче, грузиялыктар шаарды кассеталык бомбалар менен бомбалап жатышат.

Геноцид жана тукум курутчулук өндүү доомат сөздөр Кремль көзөмөлдөгөн “Орусия бүгүн” аттуу сыналгы каналы аркылуу да айтылууда. Ошондой эле орусиялык көпчүлүк маалымат каражттары да окуяны “Грузия геноцид уюштуруп жатат” деген өңуттө чагылдырууда. Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин бул тууралуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде билдирди. Өлкө президенти Дмитрий Медведев да дал ушул ойду тастыктады:

-Грузия тарап жүргүзгөн аракеттерди геноцид деп гана атоого болот, анткени алар тынч жашап жаткан адамдарга, тынчтыкты колдоп иш алып барган бейпил күчтөргө каршы ок атышты. Мындан тышкары биз алган маалыматтар коркунучтуу кылмыштар орун алганынан кабар берүүдө. Маселен, көптөгөн адамдар танка астында тебеленип, өрттөлүп, бычакталып өлтүрүлгөн.

Ал эми Орусиянын омбудсмени Владимир Лукин болсо, эл аралык трибунал чакырылып Түштүк Осетиядагы өлүмдөр үчүн күнөлүүлөр жоопко тартылсын деген сунуншун айтып чыкты:

-Шаар, кыштактарда массалык кыргын салууда ким жоопкер? Ким андай буйруктарды берип, ким аткарып жатат? Бул кырдаалга эл аралык денгээлде коз чаптырып, күнөөлүүлөрдү таап, эл аралык сотко тапшыруу керек.

Бул өңдүү билдирүүлөрдү орусиялык маалымат каражаттары байма-бай айтууда. Алтурсун бийликчил “Российская газета” басылмасы “Түштүк Осетиядагы күнөөсүз адамдардын өлүмүнө жоопкерчилик Грузиянын бийликтеринин мойнуна тагылат”, - деп жазды. “Известия” басылмасы болсо Грузиянын чабуулдарынан жөнөкөй тургундар да, аскерлер да өлгөнүн эске алып, аны иликтөө үчүн Орусия Гаага трибуналына жана Страсбургдагы сотко кайрыла алат деп ишенет. Бирок орусиялык маалымат каражаттары орус аскер учактарынын Гори шаары сыяктуу Грузиянын бир катар жайларында карапайым кишилердин үйлөрүн бомбалаганы тууралуу дээрлик чагылдырышкан жок.

Бул сыяктуу бир тараптуу маалымат таратуу айрым аналитиктердин айтымында, Орусиядагы улутчул жаштарды ого бетер дүрбөтүп, грузиялыктарга жана башка чет өлкөлүктөргө каршы ашынган улутчул чабуулдарды күчөтүшү мүмкүн. Айтмакчы орус милициясы буга чейин эле Москвада жана башка шаарларда грузиндердин документтерин текшерүүлөрдү күчөткөнү айтылууда.

Ал эми Кремль улутук сезимди көтөрмөлөгөнү менен Орусия элинин толук колдоосуна жетээри күмөн. Бул тууралуу Москвадагы “Мурас” корунун жетекчиси Евгений Волк мындай дейт:

- Түштүк Осетиядагы конфликттин таржымалын бардык эле орусиялыктар биле бербейт. Менимче бул орусиялыктарды анча деле ойлонто турчу маселе эмес. Орусиядагы көпчүлүктү азыр тышкы саясаттан көрө өлкөдөгү инфляция менен экономикалык проблемалар көбүрөөк ойлонтот.

Грузиндерге каршы бул өңдүү аракеттер 2006-жылы да болгонун эске алып, орусиялык либерал эксперттер такыр баштардын ксенофобиялык кылмыштуу аракеттери кайталанат го деп кооптонуп турган чагы.

XS
SM
MD
LG