Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:12

«МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМ: БАШКА УЛУТТАРДЫН УКУГУ БУЗУЛУУДАБЫ?


Ош шаардык мэриясы «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн “Ош ТВ”, “Мезон ТВ” менчик телекомпанияларынын обого чыгуусун чектөөгө мажбур болоорун эскертти. Түштүк жергесиндеги маалымат жыйынында ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү Эндрью Тесорьер бийликтин мындай кадамына кабатырлангандыгын ачыктады. Буга улай медиа серепчилер массалык маалымат каражаттары менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз мыйзамдарына бай ийүүсү керектегин айтышууда. Антсе да, жогорудагы маселени ырбатпай сүйлөшүү аркылуу чечүүгө болообу?

Кыргызстандын түштүк баш калаасынын жетекчилиги «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү “Ош ТВ” жана “Мезон ТВ” менчик телекомпанияларынын обого чыгуусун 15-августтан баштап чектөөгө алаарын билдирди. Себеби, эки маалымат каражаты тең буга чейинки бир нече эскертүүгө карабастан, көрсөтүүлөөрүнүн жарымынан көбүн мамлекеттик тилде жүргүзбөй келатат.


(“Ош ТВ” менчик телекомпаниянын директору Халил Худайбердиев)

Ош шаарынын биринчи вице-мэри, мамлекеттик тил боюнча аймактык комиссиянын төрагасы Арфидин Аланов мунун себебин мындайча тастыктады:

- Биздин мыйзамдын 20-беренесине ылайык көрсөтүлгөн бардыгы. Көп нерселер аткарылбай атат. Ашыкча талап кылган жерибиз жок.

“Мезон ТВ” телекомпаниясынын директору Жавлон Мирзаходжаев түштүктөгү өзбектердин аталган эки телекомпаниядан башка маалымат алаар булагы жоктугун белгилеп, өз укуктарын коргоо максатында бардык аракеттерди көрөөрүн жарыя кылды:

- Бизди (“Мезон ТВ” телекомпаниясын) атайылап жабуу аракети жасалууда деп эсептейбиз. Кимдир бирөөлөргө республикада кырдаал абдан курчуп турганы керек өңдөнөт. Албетте, көрөрмандарыбыз четте калбай тургандыгын айтып койгонум оң. Алар улуттук кызыкчылыктарын cактап калуу иретинде бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, акырына дейре күрөшмөкчү.

Ишембиде (9-август) өткөн Ош шаарындагы маалымат жыйынында Европа коопсуздугу жана кызматташтагы уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Эндрью Тесорьер «Телерадио» жана «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдарды аткарбагандыгы үчүн кыргыз тараптын “ОшТВ”, “МезонТВ” телекомпанияларынын обого чыгуусун чектөөсүнө кабатырлангандыгын ачыктады. Элчи расмий бийликтин мындай кадамын улуттук азчылыктын укугун басмырлоо катары баалады:

- “Телерадио жөнүндө» мыйзамга Бакиев кол койгон турбайбы. Албетте, ЕККУнун пресса боюнча өкүлү бул боюнча тынчсыздангандыгын ачык билдирип, ал түгүл Кыргызстандын президентине кайрылуу да жөнөткөн. Жалпыга белгилүү болгондой улуттук азчылыктардын укугун урматтоо - ЕККУ тутунган принциптердин эң негизгиси. Кыргызстан кандай документтерди кабыл албасын, биздин өнөктөшүбүз катары бул принциптерди сактоого тийиш. Биздин катышуубуздагы бийлик жана маалымат каражаттарынын ортосундагы ачык диалог «ОшТВ», «МезонТВга» байланышкан көйгөйлөрдү жөнгө салууга жардамдашат деп үмүттөнөм.

Жергиликтүү медиа эксперт Алмаз Исманов «ОшТВ» жана «МезонТВ» кыргыз мыйзамдарына баш ийүүсү абзел жана бул маселени ырбатпай сүйлөшүү аркылуу чечүүгө болоорун айтты:

- «Телердио жөнүндө» мыйзам тармактык рынокту жөнгө салуу максатында кабыл алынды. Себеби биздеги телерадиокомпанияалар менчигинин түрүнө карабастан Кытай, Өзекстан, Казакстан, Орусиянын каналдарын көрсөтүп жатышпайбы. Бул жерде кыргыз өкмөтү ириде маалымат коопсуздугун ойлогону көрүнүп турат. Экинчиден, менчик маалымат каражаттары эртедир-кечтир ушундай мыйзам кабыл алынаарын мурун эле билишкен болчу. Бирок ага убагында даярдык көрүшкөн жок. Эми минтип чуу көтөрүп, проблемага улуттук боёк сүртүп, ашкере саясатташтыруунун кажети жок. Андан көрө маселени сүйлөшүү аркылуу чечүүгө умтулуу натыйжалуураак болмок.

Кыргызстандын президенти К. Бакиев ушул жылдын 6-июнь күнү кол койгон «Телерадио жөнүндө» мыйзамга ылайык Кыргызстандагы үналгы, сыналгы берүүлөрүнүн жарымынан көбү мамлекеттик тилде чагылдырылууга тийиш. Айтмакчы, мурда кабыл алынган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамда да ушундай талап бар эле.

(жогорудагы сүрөттө:“Мезон ТВ” телекомпаниясынын директору Жавлон Мирзаходжаев)
XS
SM
MD
LG