Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

17:50 Чүйдөгү эгин чабык аяктап калды, түшүмдүүлүк жакшы эмес


Бул туурасында облустагы агрардык өнүктүрүү жана жаратышты коргоо бөлүмүнүнүн башчысы Нурбек Жумалиев «Азаттыкка» кабарлады. Облустун Суусамыр жана Чоң- Кемин өрөөндөрүн эске албаганда, Чүй аймагындагы кылкандуу дан-эгиндерин оруп-жыюу дээрлик аяктап калды. Быйыл Чүйлүк дыйкандар буудайды гектарына 20 центнер, арпаны 19 центнерден алышкан. Кургакчылыктын айынан кайрак жерлерге комбайындар кирбей калгандыктан, күздүк айдалчу жерди сөзсүз сугаруу талап кылынууда. Бирок Орто токой суу сактагычындагы суунун кескин азайышынан улам, аймактагы сугат суунун талашы дале күчүндө калууда. Быйыл дан-эгиндери 12 миң гектарга арбын айдалганына карабай, аймакта дан азыктарынын коркуну бар дешет жергиликтүү дыйкандар.(JJ)

XS
SM
MD
LG