Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

ГРУЗИЯ: СОГУШ ЖАҢЖАЛЫ СОҢУНА ЖАКЫНДАДЫБЫ?


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бүгүн (шейшембиде) Грузияга каршы аскердик өнөктүк соңуна чыгып калганын, анын оюнча» «баскынчы жазасын алгандыгын» жана Маскөө өз максатына жеткенин айтты. Ал эми кечээ грузин президенти Михаил Саакашвили дүйнө коомчулугуна кайрылып, өз өлкөсүн орусиялык аскерлер экиге бөлүп салганын айтып Батыштын кийлигишүүсүн өтүнгөн. Батыш өлкөлөрү жана эл аралык уюмдары аймакта тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн арачылык аракеттерин улантууда.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бүгүн (шейшембиде) Грузияга каршы аскердик өнөктүк соңуна чыгып калганын, анын оюнча» «баскынчы жазасын алгандыгын» жана Маскөө өз максатына жеткенин айтты. Ал эми кечээ грузин президенти Михаил Саакашвили дүйнө коомчулугуна кайрылып, өз өлкөсүн орусиялык аскерлер экиге бөлүп салганын айтып Батыштын кийлигишүүсүн өтүнгөн. Батыш өлкөлөрү жана эл аралык уюмдары аймакта тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн арачылык аракеттерин улантууда.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бүгүн (шейшембиде) эртең менен Кремлде чыгып сүйлөп, Грузиядагы орус аскерлеринин өнөктүгүн токтотуу тууралуу буйрук кылганын айтты:

- Мен Грузиянын бийликтерин тынчтыкка мажбурлоого багытталган аскердик өнөктүктү токтотуу тууралуу чечим кабыл алдым. Бул өнөктүк өз максатына жетти. Биздин бейпилдик күчтөрүбүздүн жоокерлеринин жана карапайым калайыктын коопсуздугу камсыз кылынды. Баскынчы жазасын алды жана олуттуу жоготууларга учурады. Анын куралдуу күчтөрү чаржайыт акыбалга кириптер болду. Буга карабастан, эгерде анча-мынча каршылык көрсөтчүлөрдүн очогу жана башка баскынчыл аракеттер байкалса, анда аларды жок кылуу тууралуу чечим кабыл алынат.

Грузиянын өкмөт башчысы Ладо Гургенидзе болсо орус президентинин бул сөзү чын-төгүн экенин жеринен алынган далил аркылуу тастыктоо керектигин эскертти.

Ушул таптагы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) төрагасы, Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стубб дүйшөмбүдө Грузиянын бийлиги ЕККУ жана Батыш сунуштаган тынчтык келишиминин долбооруна макул болгонун айткан.

Стубб шейшембиде (12-августта) Маскөөдө орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң, аны менен бирге маалымат жыйынын өткөрүп, ЕККУ аймактагы жаңжалды токтотуу үчүн бар аргасын жасап жатканын жана өзү эч бир тараптын камчысын чаппагандыгын айтты:

- Биз мында жаңжалга арачылык кылуу далаалатын жасап жатабыз. Буга жетишүү үчүн сиз ортодон өтчү жолду тандашыңыз керек. Албетте, сиз кааласаңыз кайсы бир тарапты деле тандай аласыз. Бирок эгерде сиз ЕККУнун төрагасы болсоңуз, анда сиз кайсы бир тараптын сөзүн сүйлөгөн кызматта эмессиз.

Ал эми грузин президенти Михаил Саакашвили дүйшөмбүдө дүйнө коомчулугуна кайрылып, өз өлкөсүн орусиялык аскерлер экиге бөлүп салганын айтып Батыштын кийлигишүүсүн өтүндү.

АКШ президенти Жорж Буш болсо дүйшөмбүдө соңку окуяларга кайрылып, Орусия 21-кылымдын башында демократиялык шайланган жетекчилиги бар эгемен өлкөгө кол салып туура эмес кадамга барганын айтты жана тараптарды саясий сүйлөшүү аркылуу маселени чечүүгө чакырды.

Бул тема АКШдагы президенттик шайлоого негизги атаандаш болуп чыгышы күтүлгөн талапкерлердин да олуттуу темасына айланды. Кечээ демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер катары чыгаары дээрлик анык болуп калган сенатор Барак Обама Орусияга карата төмөнкүдөй мамилесин ачыктады:

- Биз Орусия менен болочокто кызматташтыкты улантууга жана орус эли менен достукту чыңдоого умтулабыз. Биз Орусиянын улуу мамлекет катары өзүнүн анык ролун аткарышын каалайбыз. Бирок азыркы биздин кылымда мындай роль менен кошо анын прогресстин күч-кубаты катары иш аракет кылуу жоопкерчилиги да келет. Бул - өткөн чакта калчу жаңжалдардын регрессиялык күчүнүн ролу болбоого тийиш. Ошондуктан Кошмо Штаттар жана эл аралык коомчулук бул баскынчылыкка каршы, тынчтык жана коопсуздукка үндөп чыгууга тийиш.

Сенатор, республикачыл саясатчы Жон Маккейн НАТОнун Түндүк Атлантикалык кеңешин чукул жыйын өткөрүүгө жана НАТО менен Орусиянын мындан аркы мамилелерин талкуулоого чакырды.

Айтмакчы, шейшембиде Кремлде президент Дмирий Медведев менен сүйлөшүү жүргүзгөн ушул тапта Евробиримдиктин презилденттигин аркалап жаткан француз презилденти Никола Саркози (Nicolas Sarkozy) Медведевге мындай деп айтты:

- Орусия өз кызыкчылыктарын жана Орусияны ичиндеги жана андан сырткаркы жактардагы орус тилдүүлөрдүн кызыкчылыктарын коргогусу келгени – нормалдуу эле көрүнүш. Бирок ошого тете эле олуттуу нерсе – биз, мында мен эл аралык коомчулукту көздө тутуп жатам, Грузиянын аймактык бүтүндүгү, эгемендиги жана көз каранды эместиги үчүн кепилдикти каалайбыз.

Грузияда жаңжал 8-августка караган түнү грузин аскер күчтөрү жикчил Түштүк Осетияга киргизилгенден бери ого бетер татаалдашып ветти. Ага чейин грузин аскерлери жана орусиялык бейпилдик күчтөргө таянган жикчил Түштүк Осетия коопсуздук күчтөрү бири-бирин аткылап жатышкан. Грузин аскери Түштүк Осетияга киргизилген соң, орусиялык аскер күчтөрү да Грузиянын аймагына кирип, 5 күндөн бери айыгышкан салгылашуулар жүрүп келди.

XS
SM
MD
LG