Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

ТБИЛИСИ ОРУСИЯНЫ ГРУЗИЯГА КАРШЫ “КИБЕР СОГУШ” АЧТЫ ДЕП АЙЫПТАДЫ


Расмий Тбилиси орус бийлигин компьютердик хакерлердин жардамы менен Грузиянын өкмөттүк интернет баракчаларына “кибер согуш” ачты деп айыптады. Кремль бардык айыптоолорду четке кагып, орусиялык интернет баракчалар дагы хакерлердин чабуулуна дуушар болгонун билдирди.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө “Орусия өткөн аптада Түштүк Осетиядагы грузин күчтөрүнө каршы аскердик өнөктүк баштаганына байланыштуу Кремль грузин өкмөттүк интернет сайттарды жабууда” деп айтылат. Бул билдирүүдө Орусия жүргүзгөн “кибер согуш” бир топ грузин сайттарына, анын ичинде Тышкы иштер министрлигинин интернет баракчасына доо кетирип жатканы белгиленет.

Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Нато Чиковани өкмөттүк интернет сайттарды жабуу аракеттери 8-августта башталганын айтат. Башкача айтканда, интернет колдонуучулар өкмөттүк сайттарга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Бирок айрым расмий сайттардын мазмунун расмий эмес башка интернет сайттардын жардамы менен жайылтууга мүмкүн болду.

Ал эми Москвада Кремлдин басма сөз өкүлү орус бийлигинин буга эч кандай тийешеси жоктугун, орусиялык маалымат каражаттары жана өкмөттүк уюмдар дагы компьютердик хакерлердин чабуулуна дуушар болгону айтылат. Бирок Кремль орусиялык кайсы сайттар ачылбай жатканы тууралуу маалымат бере алган жок.

Интернет коопсуздугунун көз каранды эмес иликтөөчүлөрүнүн айтымында, хакерлер балким орусиялык кылмыш түйүндөрү менен шериктешип алып, Грузиянын өкмөттүк жана коммерциялык интернет сайттарына чабуул жасашы ыктымалдан алыс эмес.

АКШнын интернет колдонуучулары дагы 8-августтан бери айрым грузин өкмөттүк интернет баракчаларга кире албай коюшканын айтышууда.

"Computerworld" журналынын жазганына караганда, 9-августта Германиядагы сайт администраторлору грузиялык интернет баракчаларын убактылуу Deutsche telekom башкарган серверлерге байлай алышкан.

Жоул Эриксон интернет коопсуздугу тармагында иштеген швед адиси. Ал Азаттык үналгысына буларды айтат:

- Бул толугу менен чын болушу мүмкүн. Бирок эч кандай чабуул деле жасалбаган болушу да ыктымал.

Эриксон өткөн жылы Эстониядагы интернет чабуулдары менен азыркы Грузиядагы кырдаал окшош эместигин, Грузиянын мисалында окурмандар таптакыр башка сайтка түшүрүлүп салынып жатканын айтат. Анын оюнча, хакерлерди токтотуу үчүн арга өтө аз.

XS
SM
MD
LG