Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Т. ИСМАИЛОВА: КМШ КУРАМЫНАН ГРУЗИЯДАН КИЙИН КЫРГЫЗСТАН ЧЫГААРЫНА ИШЕНЕМ


Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы, Прага Кечээ (12-августта) Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өз өлкөсү КМШ курамынан чыгаары тууралуу расмий жарыялады. Грузиянын бул кадамын Кыргызстандын коомчулугу кандай кабыл алууда? “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, коомдук ишмер Төлөйкан Исмаилова “Азаттыктын” кечки берүүсүндө кеп курган.

“Азаттык”: - “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму бүгүн Грузиянын КМШдан чыгуу тууралуу чечимине колдоо билдирди. Мына ушуга толугураак токтоло кетсеңиз?

Т. Исмаилова: Биз Грузия элинин жана өкмөтүнүн чечимин аябай кубаттайбыз. Анткени КМШ - бул авторитардык лидерлердин клубу. КМШ түйүнү адам укугун бузган, эч бир эгемендүүлүктү бербеген, шайлоолорду ыпластаган курам. Ошол себептүү Кавказ чөлкөмүндө Грузия бөлүнүп чыкса, Орто Азия аймагында Кыргызстан бул курамдан чыгаарына мен жана биздин санаалаштар терең ишенет.

“Азаттык”: - Төлөйкан айым, сиздер Грузиянын бейөкмөт уюмдары менен байланышып, ал жактагы кырдаалды иликтөөгө аракет кылдыныздарбы?

Т. Исмаилова: Бизде он жылдан бери «Плюрализм» деген диссидент жана укук коргоочулардын байланышы жана авторитардык лидерлерден кутулууга аракет кылган активдүү жарандык көпүрөлөр бар. Биз Грузияда дагы революциядан кийин көп катачылыктар, туура эмес иштер болгондугун, албетте ойлоп атабыз. Бирок Грузиянын негизги келечектеги жолун тандап, чыныгы эгемендүүлүгүн көргөзүп, экспанциялык жана империялык саясаттан кеткени биз үчүн аябай кубаныч. Биз Армениядагы, Азербайжандагы жана Румыния дагы өзүбүздүн укук коргоочулар менен сүйлөшүп, маалымат алмашып, Грузиянын бул кадамын кубаттап жатабыз.

“Азаттык”: - Сизге дагы малым болгондой, Кыргызстан ушул учурда КМШга төрагалык кылууда. Сиздин оюңузча Грузин-Орусия жаңжалы тууралуу Кыргызстан кандай кадамдарга барышы керек эле?

Т. Исмаилова: Албетте, биз кандайдыр бир кадамдарды аябай күттүк. Мырза Бакиев КМШнын жетекчилигине төрагалык кылып жаткандан кийин эки мүчө мамлекет ортосунда согуштук жаңжал болуп, бир тараптын экспанция ойлору билинген соң, Кыргызстан согушту токтотуунун тынч инструменттерин сунуш кылуусу керек болчу. Бирок Тышкы иштер министрлигинин гана билдирүүсү жана мырза Бакиевдин бүгүн мырза Назарбаев менен консультация жасап жатканы, эмдигиче чечкиндүү, ачык көз карашын так бере албаганы өкүнүчтүү.

“Азаттык”: - Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG