Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

13-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Пишпек уезддик начальнигине 1916-жылдын 13-август күнү кыргыздардын калың колу Токмок шаарын камалоого алыптыр, деген кабар түшкөн. СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалы 1943-жылдын 13-август күнү Фрунзе шаарында салтанат менен ачылды.

Кыргыз калкынын 1916-жылкы боштондук күрөшү башынан бирдиктүү башкарууга баш кошо албаганынан улам, көтөрүлүш башынан чаржайыт багыт алган. Архивдик материалдар күбөлөндүргөндөй, көтөрүлүш чыккандан китйин Кыргызстандын түндүк бөлүгүнүн аркайсыл аймагынан фронттук билдирүүдөй кооптуу абарлар түшүп турган. Пишпек уезддик начальнигинин Жетисуу областтык аскер губернаторуна жолдогон рапортуна караганда, уезддик начальникке 1916-жылдын 13-август күнү кыргыздардын калың колу Токмок шаарын камалоого алыптыр, деген кабар түшкөн. Пишпек уезддик начальниги 14 төмөкү чинден куралган отряд менен дароо Токмок шаарына келген. Ал жерден ага Шамшы, Бурана, Нурмамбет, Байсейит болуштуктарынан куралган 5000 чамалуу кыргыз 28 желекке бөлүнүп, Токмок менен Покровка кыштактарын айланып өтүштү,-деген кабар жеткен.
Жетисуу областына караштуу Пржевальск уездинин полковниги Ивановдун областтык вице-губернаторго жолдогон рапортунда, дунган калкы көтөрүлүш айынан мал-мүлкүн таштай качкан. Полковник Иановдун буйругуна ылайык алардын мүлкү ташылып аскер казармаларына жыйылган. Казармалар кайтарылып, буюмдар кайтарылганына карабастан, 1916-жылдын 13-августунан баштап шаардык букаралар колго тийген буюмдарды четинен уурдап башташкан.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүш маалында Пржевальск шаарындагы айыл чарба мектеби кыйратылган. Көтөрүлүшкө байланыштуу күбөгө тартылган И. А. Поцелуев, мектептин кыйратылышына пржевальскилик интеллигенция өкүлдөрү менен карыган, чала керең генерал Корольков күнөөлүү деп айыптаган. Мектеп 13-август күнү ойрондолуп, бу маалда казак орус отрядын жетектеген Овчинников Маринка айлын талкалап, үйлөрдү өрттөө менен алек болгон. Мектеп эртең менен саат 9-11 арасында, т. а. Овчинников Маринка айлын өрттөп аткан убакта талкаланган. Эгер, мектеп камкорчусу генерал Корольков Овчинниковдун отрядын мектепти коргоого алганга буйрук бергенде, окуу жай аман калмак, деп көрсөтмө берген И. А. Поцелуев.

СССР Илимдер Академиясынын вице-президенти, кара металлургия наркомунун орун басары, академик Иван Бардиндин Кыргызстанга жасаган жашыруун кыдыруусу 1942-жылдын 13-августтунда соңуна чыккан. Академик И. Бардиндин комиссиясы Кыргызстанда темир өндүрүшүнүн тоолук циклин жайгаштыруу мүмкүн деген тыянак чыгарган. Комиссиянын бүтүмүнө ылайык, Кыргызстанда темир рудасын өндүрүп, андан даяр продукция чыгаруу шарт бар экендиги белгиленет.

СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалы 1943-жылдын 13-август күнү Фрунзе шаарында салтанат менен ачылды. Илим Академиясынын Кыргыз филиалы адегенде, «Кыргызстандагы илим мекемелери менен эвакуацияланган СССР Илимдер Академиясынын Билогиялык бөлүмүнүн негизинде уюшулган». СССР Илимдер Академиясына караштуу Кыргыз филиалынын ачылыш салтанаты Панфилов паркындагы жайкы театрда өткөрүлгөн. КырФАН президиумун Фрунзеге эвакуацияланган айтылуу илимпоз, академик К. Скрябин жетектеп, анын биринчи орун басарлыгына, тилчи Ж. Шүкүров дайындалган.
XS
SM
MD
LG