Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

ГРУЗИЯ: ОК АТЫШУУЛАР ДЭЭРЛИК СЭЭЛДЕДИ, БИРОК БАСЫЛА ЭЛЕК


Грузиядагы жана анын жикчил аймагы Түштүк Осетиядагы айыгышкан кагылышуулар эми өтө татаал кырдаалда жүзөгө ашырылып жаткан ок атышууну токтотуу кырдаалына орун берди. Бүгүн эртең менен Грузия жана Орусия Европа Биримдиги сүрөөнчүлүк кылган тынчтыкты калыбына келтирүү долбооруна макулдук беришти. Бирок орус аскерлери дагы эле Грузиянын Гори шаары сыяктуу ичкерки аймагында жүргөнү, анча-мынча ок атышуулар орун алганы кабардалууда. Бир катар европалык мамлекеттердин лидерлери кечээ Тбилисиге келип, Орусиянын баскынчыл аскердик өнөктүгүн айыпташты жана Грузиянын аймактык бүтүндүгүн сактоого тилектештик билдиришти.

Бүгүн (13-августта) ок атышууну токтотуу долбоору өз жемишин аз-аздап бере баштады. Бирок Орусия тарап да, Грузия тарап да бири-бирин башка улутка карата тукум курут саясатын жүргүздү деп айыптоосун токтоткон жок.

Орусия бүгүн эртең менен грузин тарап сындап айткан орус аскерлеринин дагы эле Гори шаарынын аймагында жайгашканы тууралуу кабардын чындыгын тастыктады, бирок аны Түштүк Осетиядагы коопсуздукту чыңдоо үчүн Горинин жанындагы аскердик жабдууларды керектен чыгаруу аракети менен түшүндүрдү.

Бүгүн Тбилисиде литвалык президент Валдус Адамкус (Valdus Adamkus) жана башка коноктору менен бирге маалымат жыйынын өткөрүп жатып, грузин мамлекет башчысы Михаил Саакашвили Орусияны төмөнкүчө айыптады:

- Ок атышууларды токтотуу режими Грузия тарабынан дайыма сакталып келген, бирок, өзүңөр көргөндөй, Орусия тарабы, Орусиянын баскынчыл күчтөрү, эч кандай ок атышууну токтотуу макулдашуусун аткарган эмес. Алар жергебизге келип, шаарларыбызга ажаанданып кирип, аткылап жатышат.


Саакашвилинин айтымында, орус аскерлери грузиндерди өзгөчө ырайымсыздык менен жазалады.

Эстон президенти Тоомас Хендрик Илвес (Toomas Hendrik Ilves) бүгүн Тбилиси шаарындагы маалымат жыйынында Грузиянын аймактык бүтүндүгүн сактоо зарылдыгын белгиледи:

- Эгерде биз Грузиянын аймактык бүтүндүгүн баса белгилебесек, эгерде мындагы баскынчылык менен басып алууну көз жаздымда калтырсак, анда биз тээ 1991-жылдан кийин өзгөрдү го деген дүйнөдөн таптакыр башка дүйнөдө жашап жаткан экенбиз да. Менимче, биз ушул жаатта ой жүгүртүп алуу үчүн бир саамга тыныгышыбыз керекпи дейм.

Ушундай эле колдоосун кечээ кечинде Тбилисиге келген башка европалык мамлекет башчылар да билдиришти.

Алардын бири, Польша президенти Лех Качински (Lech Kaczynski) шейшембиде кечинде Тбилисиде ири демонстрациянын катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөп жатып, азыркы саясатта “чоң байкенин” ролун өзүнө ыйгарып сүйлөөгө эч бир өлкөнүн акысы жоктугун белгиледи:

- Бул – көп убакыттан соң биздин түндүктөгү, түндүк-чыгыштагы коңшубуз өзүнүн жүзүн, биз бир нече кылымдан бери билген жүзүн көрсөткөн алгачкы учур болду. Бул коңшунун ишениминде, анын айланасында байырлаган өлкөлөр ага баш ийип турууга тийиш. Биз мындай мамилеге “жок” деп жооп кайырабыз.

Украин президенти Виктор Ющенко (Viktor Yushchenko) болсо орусиялык баскынчыл аракеттерге бута болгон Грузия өзүн жалгыз сезбеши керек деп митинг катышуучуларына айтты:

- Биз бул жерге Грузия биздин досубуз экенин Сиздерге билдирүү үчүн келдик. Бүгүн, Грузия үчүн өтө мүшкүлдүү болуп жаткан чакта, биз сиздерге эркин жана көз каранды эмес болуу укугуңуздар бар экендигин айтуу үчүн келдик.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо расмий Кремлдин Грузиянын кайсы бир бөлүгүн басып алуу ниети жок деп билдирди.

“Файненшл Таймс” гезитинин жазганына караганда, Лавров Орусия өз атуулдарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн гана Түштүк Осетияда аскердик өнөктүктү баштагын айткан.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын оюнча, Орусия Грузиядагы аскердик өнөктүгүнүн айынан эл аралык институттар менен кызматташуусун коркунучка кептеди. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Эй-Би-Си Ньюс (ABC News) сыналгысына курган маегинде учурда расмий Москванын эл аралык аброю жана анын эл аралык коомчулукта ойногон ролу коркунуч алдында деп айтты.

Соңку кабарларга караганда, Кремлдин Грузиядагы аскердик жаңжалга кийлигишкендиги үчүн АКШ Орусия менен пландаштырган деңизчи аскерлердин биргелешкен машыгуу долбоорунан баш тартты.

Жаңы эле келген кабарда АКШ президенти Жорж Буш бүгүн Орусиянын бийлигине кайрылып, ок атышууларды токтотом деп айтылган убаданы аткарып, өз сөзүндө турууга, Грузия менен болгон жаңжалды тез арада соңуна чыгарууга чакырганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG