“Азаттык”: Өмүрбек мырза, президент К. Бакиевдин бийликке келгенине үч жыл болду. Ал өлкөдө Конституциялык реформа ишке ашаарын, коорупцияны тыюу сыяктуу бир топ убадаларын берген эле. Алардын канчасы аткарылды, канчасы сөз бойдон эле калды?
Ө.Текебаев: Президент К. Бакиев берген убадаларын теңирден тескерисинче аткарып жатат. Өткөн үч жыл бийликтин, президент К. Бакиевдин программасы, өзүнүн көз карашы жок экендигин көрсөттү. Ал өлкөгө өнүгүү концепциясын сунуш кыла алган жок. Бакиев жүргүзүп жаткан иштер мурун А.Акаев баштап кеткен эл аралык финансылык уюмдар сунуштап, бизге таңуулаган иш-аракеттер болуп жатат. Энергетика, байланыш, авиация, темир жол тармагын, Бишкектеги суу, газ менен камсыз кылуу системасын тез арада сатып жиберүү аракети, Акаевдин дити, күчү барбаган иштерди Бакиев кыска мөөнөттүн ичинде жасаганга аракет кылып жатканын көрсөтөт. Ал эми кен байлыктар боюнча айтсам, дүйнөлүк базарга чыгарып, кыргыздын келечеги үчүн кызмат кыла турган баалуулуктар биржаларда ары-бери сатылып жатат. Андан башка эң чоң катачылык -элдин шайлоого болгон ишенимин биротоло жоготту.
Бүгүн кыргызстандыктар бийликти шайлоо жолу менен алмаштырууга болбойт, басып гана алыш керек экен деген ойго келип калды. Анткени декабрдагы шайлоолор болуп көрбөгөндөй ыплас болду. Мына ушунун өзү бийликте, анын ичинде Бакиевде нравалык принцип жок экендигин, бүгүн бирди айтып, эртең теңирден тескери иш жасай тургандыгын көрсөттү.
“Азаттык”: Сиз мына бүгүнкү бийликтин иш аракетин экс-президент Акаевдин саясаты менен салыштырып кеттиңиз. Сиздин оюңузча, азыр Бакиев менен Акаевдин саясатында кандай окшоштуктар, кандай айырмачылыктар бар?
Ө.Текебаев: Азыркы бийликтин саясаты - Акаевдин саясатынын бир нече күчөтүлгөн жана тездетилген варианты деп эсептейм. Кенияда да, мурунку президенти 25 жылда жасаган ишин акыркы президенти 5 жылда жасап койду дейт. Акыркы президенти мыйзам бузуу жолу менен бийликке келип, Кенияда азыркыга чейин талаш-тартыш болуп жатат. Бул Кыргызстанда гана эмес, өнүгүп келаткан, намыс, мыйзам, элдин пикири деген эмне менен эсептешпеген өлкөлөрдө ушуга окшогон кубулуштар, окуялар боло берет.
“Азаттык”: Бакиевдин командасынын үч жылдагы саясаты мамлекетке эмне алып келди?
Ө.Текебаев: Элдин мыйзамга, демократиялык шайлоо институтуна ишенимин жоготту. Калп айтып, алдап кетмей саясаты мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлдү. Экономикада, энергетикада улуттук кризиске келдик. Айыл чарбада, экономиканын башка тармактарында кризистер ачык көрүндү. Тилекке каршы, мамлекет андан чыгып кетүүнүн жолдорун элге көргөзө албайт.
“Азаттык”: Учурда азык түлүк коопсзудук маселеси курч турат, энергетика тармагында кризистен чыгуунун айласын табуу үчүн бийлик аракеттерди көрүп жатат. Ушундай кырдаалды болтурбой коюу мүмкүн беле?
Ө.Текебаев: Албетте, мүмкүн эле. Биз эмне үчүн өзүбүзгө үч жүз жылга жете турган көмүрүбүздүн сексен пайызын Казакстандан ташып келебиз, эмне үчүн өзүбүздүн жерлерибиз айдалбай кысыр калып жаткан болсо Казакстандан буудай сатып келебиз, бул боюнча казактар менен макулдашып жатабыз? Эмне үчүн биз электр жарыгын сырттан сатып алып жатабыз? Мына ушунун баары, Орусияда жүрүп мекендештерибиз тапкан жүз миллиондогон долларлар бизге жукпастан кайрадан сыртка кетип жатпайбы. Мына ошол акчалар биздин экономикага иштеш керек эле. Мен мындай саясатты элге каршы кылмыш саясаты деп эсептейм.