Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Ж. КАНИМЕТОВ: БИЙЛИККЕ УБАКЫТ КЕРЕК БОЛУП ТУРАТ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Курманбек Бакиевдин эгемендүү Кыргызстандын экинчи президенти расмий түрдө такка отурганына бүгүн туура үч жыл болот. Үч жыл аралыгында мамлекет башчысынын дарегине, жүргүзүп жаткан саясатына карата ар кыл ойлор айтылууда. “Ак жол” партиясынан Жогорку Кеңештеги депутаты Жангороз Каниметов таңкы “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: - Курманбек Бакиев президент болуп шайланаар алдында эл-журтка берген убадаларынын көбүн аткарбай, мурдагы бийликтин каталарын кайталап жатат деген сын-пикирлерге сиздин көз карашыныз кандай? Мындай сын сөздөр канчалык жүйөөлүү?

Ж. Каниметов: Мына үч жыл болду президент бийликке келгенине. Убадалардын негизги багыттары - конституциялык реформа жасоо, андан башка көп тармактуу реформаларды алдыга жылдыруу, калыстык менен элди өркүндөтүп, экономиканы алдыга жылдыруу максат болгон. Мына көрдүңүздөр, албетте биз моюнга алышыбыз керек, революциядан кийин убакыт созулуп көпкө кетти, чынында мына үч жыл болду. Бирок багыттардын негизгилери аткарылды. Мына конституциялык реформалар болуп, эки чоң маселе – партиялык-пропорционалдык система боюнча Жогорку Кеңешке шайлоолор өткөрүлдү, партиялык система киргизилип, дүйнөлүк өнүгүүнүн өсүштөрүнө жакындадык. Экинчиси, күздө айыл өкмөттөрдөн баштап өкмөткө чейин аткаруу бийлигин түзүү. Үчүнчүсү, экономиканы көтөрүүдө президент келгенден баштап бюджеттин деңгээли эки эседен ашык жогорулады. Албетте, бул жагынан жакшы жактарды карады десек болот.

“Азаттык”: - Мына сиз айтып атасыз бюджет эки эсеге жогорулады деп. Бирок ошону менен катар азыр өлкөдө социалдык-экономикалык абал оор болуп жатканы айтылып атпайбы?

Ж. Каниметов: Ооба, мен дагы ошону толуктайын деп атам. Мына бүгүн көрүп атасыздар, инфляциянын көбөйүшү, баанын кымбатташы эки эсе өсүп, баа анчалык кубанарлык болгон жок. Бирок айрыкча быйылкы жылы кургакчылыктын, суунун азайышы кыйынчылыктарды түзүп жатат. Бирок ага карата азык-түлүк коопсуздугу боюнча закондордун кабыл алынышы, ушуга каршы күрөшүүлөр кандайдыр бир деңгээлде жакшылыктарды алып келет деп мен ойлойм.

“Азаттык”: - Жангороз мырза, конституциялык реформаны ишке ашырды деп, шайлоо пропорционалдык система менен өттү деп айтып жатасыз. Бирок шайлоо акыйкат эмес жол менен өттү деген сын-пикирлер да айтылып атпайбы?

Ж. Каниметов: Мындай карап көргөндө, муну ар кандай мааниде түшүнсө болот да. Бирок эң негизгиси БШК (Борбордук шайлоо комитети -авт) көз карандысыз болгон да. Жалпы элдин колдоосу, жалпы элдин багыты “Ак жол” партиясы болгон, аны эч ким танбайт да. Ошон үчүн бул жеңишке ээ болдук. Ошон үчүн БШК жооп бериш керек. Бирок элдин негизги добушун алган ушул бийлик болгон. Ошон үчүн бул бийликтин, партиянын, өкмөттүн, президенттин мойнунда да чоң жоопкерчилик бар деп ойлойм.

Бирок көрүп атасыздар, эки жыл бою демонстрациялар, митингдер болуп, мүмкүнчүлүктөр болгон жок. Эми гана жаңы багытта иштер болду. Ошон үчүн мунун арты жаман болбойт, жакшылыктар бар деп мен ойлойм. Бирок астыда коюлган реформаларды ишке ашырууда, административдик-аймактык реформалардын жүрүшү, кадрдык саясаттын кээ бир кемчиликтери дагы деле уланууда. Аны эч ким танган жери жок. Мен жаңыдан калыптанып, жаңыдан иш башталып келатат деп ойлойм. Ошондуктан ийгиликтердин болушу жакшы эле болот.

“Азаттык”: - Учурдагы бийликтин эски бийликтен эч айырмачылыгы жок. Керек болсо аша чаап кетти деген пикирлер айтылып атат. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

Ж. Каниметов: Туура, такыр эле жаңыча система болуп кетет деген ойдон алыс болдук, эл революцияны ар кандай түшүнүшөт, түбүнөн бери башкача болот деп. Бирок эски бийликтен кийин бир эле күндө бардыгы жаңыча болуп кетиши кыйын экен да. Биз жалпы коомдо жашап атабыз эл менен бирге. Элдин деңгээли, психологиясы да ошол багытта өнүгүп калган. Ал эми бүгүнкү күндөгү жетекчилердин багыттары да ошол жакта калыптанган. Ошон үчүн буга убакыт керек.

Эгерде коомдун талабы, жаңы багыттар, жыйынтыктар болсо жаман болбойт деп ойлойм. Мына жаңы экономикалык саясат деген жаңы саясат башталды, көрүп атасыңар. Жогорку Кеңеш да көптөгөн мыйзамдарды кабыл алып бердик, банк системасын өзгөртүү, камсыздандыруу, салык системасын өзгөртүү, инвестицияны тартылышы, жашыруун экономиканын каткандарын алып чыгуу боюнча жаны саясат ишке ашып жатпайбы. Эгер ушул саясаттардын баарын бир багытка койсо, бул багыт жакшы нерсе алып келет деп. Бирок убакыт керек болуп турат.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG