Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

17:45 Нарын шаарында И. Кадырбековдун тарапташтары мөөнөтсүз ачкачылык акциясын башташты


Мындай маалыматты И. Кадырбековду колдоо кыймылынын жетекчиси Асыл Жаманова бүгүн (бейшембиде) “Азаттыкка” билдирди. 10 адамдан турган ачкачылык иш-чарасы бүгүн саат тогузда “Кыргызстан коммунисттери” партиясынын Нарын шаарындагы кеңсесинде башталды. Ачкачылык жарыялагандардын экөөсү эркек, калганы аялдар. Алар бул кадамга беш айдан бери Кадырбековдун сот иши алга жылбай, баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, жогорку бийлик бутактарына жолдонгон кайрылуулар жоопсуз калгандыктан барышкандыктарын билдиришти.

“Кыргызстан коммунисттери” партиясынын Нарын облустук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы Таалайкүл Жусубалиева партиянын отуз мүчөсү партбилетин өткөрүп, партиянын ишин токтотуу боюнча чечим кабыл алгандыктарын билдирди. 2000-жылы партияны уюштурган И. Кадырбековдун тагдырына байланыштуу коммунисттердин жетекчилиги эч кандай иш алып барбаганы жана тынч митингдерди чектөө боюнча мыйзамга автор болгону үчүн “Кыргызстан коммунисттери” партиясынын лидери Исках Масалиевдин партия жетекчиси кызматынан кетишин талап кылуу тууралуу кайрылуу жолдонгонун Жусубалиева кошумчалады. Андан сырткары нарындык коммунисттер тобу жергиликтүү Кеңештерге болуучу шайлоого «бойкот» жарыялашып, округдук шайлоо комиссиянын курамына кирген мүчөлөрүн кайра чакырып алуу боюнча арыз жөнөтүшкөнүн да ал белгиледи. (JI)

XS
SM
MD
LG