Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

ГРУЗИЯДА ТЫНЧТЫК ДАГЫ ЭЛЕ БЫЧАКТЫН МИЗИНДЕ


Америкалык расмий өкүлдөр Орусиянын грузин согушун сынга алууну улантышууда. Анын аралыгында, Мамкатчы Кондолиза Райс Францияга келди. Мында ал Франциянын арачылыгы менен жетишилген элдешүүнүн бүдөмүк бойдон кала берип жаткан жакынкы келечегин талкуулап, андан ары Грузияга жол тартмакчы.

Кечээ Пентагондо сүйлөгөн сөзүндө АКШнын коргоо министри Робертс Гейтс Москванын алдыдагы күндөрдөгү иш-аракеттери анын АКШ менен алакасын аныктай тургандыгын эскертти:

- Орусиянын өткөн аптада кылганы АКШнын Орусия менен аскердик диалогуна көлөкө түшүрдү. Бул окуялар Москва менен Вашингтондун жана Орусиянын НАТО менен коопсуздук тармагындагы алакасынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизмекчи. Эгер Орусия Грузиядагы агрессивдүү кадамдардан баш тартпаса, АКШ менен Орусиянын алдыдагы жылдардагы мамилесине залака алып келет.

АКШнын коргонуу катчысы Вашингтондо сүйлөп жатканда, Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс 13-августта жетишилген элдешүү тууралуу макулдашууну талкуулоо үчүн Парижге келди. Райстын Францияга сапары орус аскерлери Грузиянын аймагындагы иш-аракеттери уланып жаткандыгы жөнүндөгү кабарлар менен бир мезгилге туура келди. Бул аракеттерди Москва "тынчтык операциялары" деп атоодо.

Райс Франциянын Көгүлтүр жээгиндеги Брегансон аскер турагында президент Николя Саркози менен бирге кабарчылардын алдына чыкты:

- Орус президенти согуштук операцияларыбыз токтоду деп айтты. Биз ал өз сөзүнө турат, ал операциялар токтойт деп ишенебиз. Биз ошондой эле бул кризисти басуу чүн колдон келген аракетибизди кылабыз. Кризис өтө узарып кетти, өтө эле көп сандагы күнөөсүз адамдар курман болду.

Саркози ортомчулук кылган элдешүүнүн шарты боюнча грузин жана орус аскерлери мындан согуш аракеттери башталганга чейинки позицияларына кайтып барышы керек.

Грузиянын тышкы иштер министрлиги өлкөнүн борбордук аймагындагы Гори шаарында орус аскерлеринин саны көбөйгөндүгүн билдирүүдө. Азаттыктын ал жердеги кабарчысы кечээ Гориге жакын жердеги тоодон жардыруунун добушун уккандыгын маалымдады.

Мунун алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Гориге жана Тбилисиден мунай кампасы жайгашкан Поти портуна баруучу түз темир жолдун боюндагы стратегиялык Сенаки шаарына орус аскерлери киргизилди деген кабарды төгүнгө чыгарган эле. Ал эми орус армиясынын генерал-майору Вячеслав Борисов орус аскерлери Гори менен Потиде экендигин бышыктады.

Анын аралыгында, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчисинин орун басары генерал—полковник Анатолий Ноговицин америкалык согуштук учактын Тбилисиге жардам алып келишине байланыштуу нааразылыгын билдирди:

- Бул учак менен эмне ташылып жаткандыгын ачыкка чыгарышса болмок. Грузин президенти Саакашвили эл аралык коомчулуктан гумжардам сурады, муну түшүнсө болот. Бирок көшөгөнүн артында эмне болуп жатканы бизди, орустарды терең тынчсыздантат,-деди орус армиясынын кол башчысы кечээ Москвада өткөн пресс-конференцияда.

Анын аралыгында, орус президенти Дмитрий Медведев Москвада Грузиядан өз алдынчалык жарыялаган Абхазия, Түштүк Осетиянын башчылары менен жолугушту. Кийин Түштүк Осетиянын президенти Эдуард Кокойты эл аралык мыйзамдын негизинде баары бир көз карандысыздыкка жетебиз деп айтты. Анын абхаз кесиптеши Сергей Багапыш да ушул эле маңызда сүйлөдү:

- Суверендүүлүккө келгенде, биздин ал багыттагы жылышыбызды эч кандай күч токтото албайт. Биз муну алдыбызга максат кылып койгонбуз жана аны көздөй токтолбой бара беребиз. Ал эми ал максатка кандайча жетебиз, мунун да жолу табылат.

Согуш аракеттеринен жапа таркандардын саны 100 миңден ашкандыгы болжолдонууда. Алардын бир катары Түштүк Осетиядан Түндүк Осетияга өтүп барса, Грузиянын өзүндө да бир топ эл үй-жайын таштап качкан. 100 миң деген сан орус жана грузин өкмөттөрү берген маалыматка негизделген, бирок көз карандысыз эл аралык гумжардам агенттиктери аны али ырастай элек.

XS
SM
MD
LG