Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

ЧҮЙДӨГҮ БЕЛОВОДСК АБАГЫНДА КАНДУУ ОКУЯ БОЛДУ


14-августа кечке жуук №16 эмгек-түзөтүү колониясында саат 21 ченде баш-аламандык башталып, анда абактагылар тартип коргоо органынын эки кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылып, бир нече прапорщиктерди барымтага алышкан. Такталбаган маалыматтар боюнча эки тартип сакчысына бычак сайган Кадырбек Абдышев жарадар болуп, ооруканага бараткан жолдо каза тапкан. Атайын прокуратуранын маалыматы боюнча жазасын өтөп жаткандардын ичинен дагы бирөө 36 жаштагы Эрмек Урмамбетов каза тапканы кабарланууда

Түрмөдөгү кырдаал Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын жана атайын прокуратуранын өзгөчө даярдыктагы отряды тарабынан 15-августка караган түнү саат 1:00 ченде жөнгө салынып, барымтага алынган прапорщиктер бошотулган. Тартип коргоочуларга баш ийүүнү каалабаган дагы 40 чакты киши атайын этап менен түрмөдөн Бишкектеги СИЗОго которулду.

Беловодскидеги мындай окуя болгонун бүгүн “Азаттыкка” Кыргызстандын Адилет министри Марат Кайыпов тастыктап, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын белгиледи. Абактагы чатактын чыгуу себеби, азыркы кырдаал тууралуу бүгүн түштөн кийин Адилет министринин орун басары Сергей Зубов менен атайын прокуратуранын өкүлдөрү журналисттерге маалымат берүүcү күтүлүп жатат.

Жаза өтөө жайлары менен иштешип келе жаткан “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова эки жаза өтөөчүнүн өлүмү менен коштолгон кырдаал тынчытуунун өзү тынчсызданууну жаратып жаткандыгын билдирди. Баш-аламандык башталгандан бери абакка укук коргоочулардын кирүүсүнө уруксат берилбей жатат. Азиза Абдырасулованын айтуусунда, учурда укук коргоочулар Бишкектеги СИЗОго алып келингендер менен жолугууга аракет кылышууда. Ошондой эле Абдырасулова бул окуянын чоо-жайын иликтөөдө бир жактуулуктан качып, жаза өтөп жаткандарды мындай баш-аламандыкка эмне мажбур кылганын иликтөө зарыл экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG