Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Д.МЕДВЕДЕВ ОК АТЫШУУНУ ТОКТОТУУ КЕЛИШИМИНЕ КОЛ КОЙДУ, ОРУС АСКЕРЛЕРИ ДАГЫ ЭЛЕ ГРУЗИЯДА


Бүгүн (ишембиде) Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Грузиядагы ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимге кол койду. Келишимге ылайык, Орусиянын аскерлери 7-августтагы аймакта согуш жаңжалы башталганга чейинки ээлеген жайларына чыгарылып кетүүгө тийиш. Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш Орусиянын бийлигин Грузиядагы баскынчылыгын тез арада токтотууга дагы бир ирет чакырды.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бүгүн колуна тийген ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимге кол койду.

Келишимде орус аскерлеринин Грузиядан чыгарылып кетиши тууралуу шарт камтылган беренеден тышкары, Грузиянын жикчил аймактары Түштүк Осетия менен Абхазиянын болочокку макамы тууралуу эл аралык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү баштоо маселеси да камтылган.

Кошмо Штаттар Грузиядагы жаңжалды тез арада ток отуу талабын Кремлге жолдоп, өзүнүн расмий Тбилисидеги демократиялык өкмөттү терең колдой турганын байма-бай эскертүүдө.

Бүгүн (ишембиде) үналгы аркылуу салттык кайрылуусунда АКШ президенти Жорж Буш (George W. Bush) мындай деп айтты:

- Кошмо Штаттар жана биздин шериктерибиз Грузия эли жана алардын демократиялык жол менен шайланган өкмөтү менен бирге. Биз Грузиянын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү кадырланышы керенк деп эсептейбиз. Маскөө Грузиянын бардык аймагынан басып кирген аскерлерин чыгарып кетүү тууралуу убадасына турушу керек.

АКШ президенти Буш соңку окуялар Орусиянын эл аралык беделине доо кетирген жарамсыз иш болгонун да баса белгиледи:

- Орусия өзүнүн Кошмо Штаттар, Европа жана башка мамлекеттер менен болгон карым-катнашына тийгизген залалды оңдоо үчүн жана өзүнүн дүйнө коомчулугундагы ордун калыбына келтирүү үчүн бул жаңжалды соңуна чыгаруу аракетин жасоого тийиш.

Ал эми Грузиянын президенти Михаил Саакашвили кечээ (жума күнү) Тбилиси шаарында АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен бирге маалымат жыйынын өткөрүп, өзү жума күнү кечинде кол койгон келишим – ок атышууларды токтотуу жаатындагы гана келишим экенин белгиледи:

- Бүгүн мен ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимге кол койдум. Мен тактап айтып койоюн – бул ок атышууларды токтотуу жөнүндөгү келишим. Бул жаңжалды биротоло чечкен келишим эмес. Биз дал ушул тапта Орусиянын кол салуусунун жана баскынчылыгынын астында калдык. Биз дал ушул орусиялык кол салууну жана баскынчылыкты токтотууну каалайбыз.

Президент Саакашвили анын мүдөөсү – аймакка чыныгы эл аралык бейпилдик күчү катары кызмат өтөй турган күчтөрдү келтирүү экенин да эскертти.

Ушул тапта Түштүк Осетиядан жана Грузиянын башка аймактарынан согуш аракеттеринин айынан качып чыккан он миңдеген кишилер Орусиянын жана Грузиянын ар кыл аймактарынан убактылуу баш паана таап, күн кечирүүдө.

Качкындардын айрымдары Тбилиси шаарындагы “Азаттыктын” кабарчысына өз мүшкүлдөрү тууралуу буларды айтып беришти:

- Бизге төшөнчү, кийим-кечек, идиш-аяк керек.

- Аялдардын жана балдардын бут кийими, көйнөк-шым, ич кийим жетпейт.

- Ымыркайлар үчүн жалаяктар зарыл.

- Биз – 24 кишибиз, бир тар бөлмөдө тыгылып күн көрүп жатабыз. Тамак-ашыбыз жок.

- Балдарыбыз беш күндөн бери наар ала элек.


Ушундай эле он миңдеген качкындар Орусиянын Түндүк Осетия аймагында да баш паана тапкан.

Кечээ Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Ажибай Калмаматов мырза Түндүк Осетиянын ордо шаары Владикавказда качкындардын акыбалы менен таанышып жүргөн чагында аны менен кабарчыбыз Элеонора Бейшенбек кызы телефон аркылуу байланышты.

Калмаматов мырза өзүнө жолуккан качкын осетиндердин акыбалын мындайча сыпаттады:

- Жетисинен сегизине караган түнү саат он бирден жыйырма мүнөт өткөндө айылдарында аткылоо башталыптыр. Онуна чейин жер төлөдө жатышып, онунан баштап Орусиянын аскерлери бул жакка алып келип жайгаштырыптыр. Булар аскердик абалда жашап жатышат. Эркектери эки күндөн бери жашаган жерлерине кайтып барып, айнек терезелерин салып, картон, фанера кагып, сентябрда окуу башталганга чейин аракет кылып жатышыптыр. Бул жерде аялдар менен жаш балдар калыптыр.

А.Калмаматов мырза бүгүн Цхинвалиге келди. Ал андагы жергиликтүү тургундардын согуш аракеттери басылгандан кийинки акыбалын жеринен үйрөнүп жатканын “Азаттыкка” маалымдады.

Орусиянын аскерлери ушул тапта Грузиянын ичкерки аймактарында - Гори шаарында, Потиде жана башка айрым жерлерде кала берип жаткандыгы кабардалды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши үстүбүздөгү аптанын соңунда өз отурумуна чогулуп, Грузиядагы ок атышууларды токтотуу тууралуу резолюциянын долбоорун добушка койоору күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG