Ички иштер министринин биринчи орун басары тууралуу макала “Трибуна” гезитине 6-августта чыккан. Анда жазылганга караганда Ички иштер министринин эки кызматкери эки кыз менен эс алганы тоодогу кафеге барышкан. Кийинчерээк аларга министрдин биринчи орун басары келип кошулуп, топтогу кыздардын бирин сабап, зордуктоого аракет жасаган. Макаланын авторлору бул маселе боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат деп жазган.
Бирок “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Үсөн Ашимов бул кабарды төгүндөдү:
- Бизде министрдин биринчи орун басарына каршы кылмыш иши козголгондугу тууралуу эч кандай маалымат жок.
ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Олжобай Казабаевдин айтымында, макалада министрликтин кызматкерлеринин эс алуу үчүн тоого барганы эле чын болбосо, калганынын баары карандай эле жалаа:
- Ооба, чынында эле, министрдин биринчи орун басары уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыктын түзүлгөн күнүнө карата тоого кафеге барган. Ал жерден кызматкерлерин куттуктап, бир грамм дагы арак ичпестен чыгып кеткен. Калганы болсо - жөн гана каралоо. Биз деле макала жаңы жарык көргөндө маалымат жыйынын өткөрүп, ал маалыматты төгүндөйлү дегенбиз, бирок биринчи орун басар буйрутма макала жазгандарга теңелбейли деп чечкен.
Ал эми “Трибуна” гезитинин баш редактору Рыспек Өмүрзаков менен байланышканыбызда ал бул окуя чынында эле орун алганын, ага бир нече адам күбө экенин айтты.
- Жабыркаган кыз арыз жазган, ал арыз бар. Бул окуяга күбө болгон кафенин бир нече кызматкери да бар, аларды каякка катасың? Биз болгон окуяны жаздык. Эми мени, мына, коркутуп жатышат. Аялыма: “Жолдошуңузду тыйбасаңыз, жаман болот!”, - деп телефон чалышты. Ал эми бул макала буйрутма деген туура эмес. Андай болсо, “Трибуна” гезитиндеги баардык макалалар бирөөнүн буйругу менен жазылган болуп калбайбы. Бул андай эмес.
Ошентип, “Трибуна” гезитинде жарыяланган бул макала бир топ чуу жаратты. Олжобай Казабаевдин айтымында, жакын арада министрдин биринчи орун басары, балким, өзү бул маселе тууралуу кеңири маек бериши мүмкүн.
Айта кетсек, буга чейин “Трибуна” гезити ИИМдин башка дагы бир кызматкери Арслан Маликеев тууралуу макала жазган. Анда милициянын капитаны мыйзамсыз бир нече иштерди жасагандыгы баяндалган.
Бул макаладагы маалыматтарды жалганга чыгарып, Арслан мырза гезитти сотко берген эле, ал маселе азыр жергиликтүү Фемида тарабынан териштирилип жатат.