Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

КРЕМЛЬ: ОРУС АСКЕРЛЕРИ ГРУЗИЯДАН ДҮЙШӨМБҮДӨ ЧАК ТҮШТӨ ЧЫГАРЫЛА БАШТАЙТ


Орус президенти өз аскерлери Грузиядан дүйшөмбүдөн тартып чыгарыла баштайт деп билдирди. Президент Дмитрий Медведев орусиялык аскерлер Грузиядагы ээлеген жайларынан 18-августта чак түштөн тартып чыгарыла баштаарын кечээ Франциянын президенти Никола Саркози менен сүйлөшкөн чагында бышыктады. Учурда Европа Биримдигинин президенттигин аркалаган өлкө - Франциянын мамлекет башчысы эгерде Орусия ок атышууларды токтотуу тууралуу өзү кол койгон келишимге моюн сунбаса, анда олуттуу кесепеттерге кабылаарын Кремлге эскерткен.

Кечээ (жекшембиде) Франциянын президентинин кеңсеси таркаткан маалыматка караганда, орус президенти Дмитрий Медведев француз кесиптеши Никола Саркози менен жекшемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүп, бүгүн (18-августта) чак түштө орус аскерлери Грузиядагы басып алган аймактарынан чыгарыла баштайт деп айткан.

Кечээ Германиянын канцлери Ангела Меркел айым да Орусиянын өз аскерин тез арада Грузиядан чыгарып кетиши маселеси “Орусияга ишеним артуу керекпи же жокпу?” деген суроо менен байланыштуу экенин эскерткен.

Жекшембиде (17-августта) Тбилиси шаарында Меркел менен чогуу маалымат жыйынын өткөргөн грузин президенти Михаил Саакашвили (Mikheil Saakashvili) Орусия бийлигинин жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия менен бул аймактардын макамы тууралуу саясий оюнун сынга алып, Грузия бул аймактардан эч качан ажырабай турганын кайталап айтты.

Саакашвилинин оюнча, орусиялык аскерлердин чыгып кетүү жараянын эл аралык коомчулук кылдат көзөмөлдөөгө алышы абзел.

- Биз орус аскерлеринин дароо чыгып кетишине муктажбыз. Биз бул аскерди чыгаруунун жана ок атышуунун токтотулгандыгынын тастыкталышына муктажбыз. Муну Бириккен Улуттар Уюму менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары тастыктаса дурус болоор эле. Биз ар бир жабырлануучуга тийе тургандай кайрымдуулук жардамына муктажбыз. Эң акырында, биз бардык улуттук топтордун кызыкчылыктарына төп келгендей кылып жаңжалды чеч турган чыныгы иш-аракетти жасачу бейпилдик күчтөрүнүн жаңжал аймактарын көзөмөлдөп калышына муктажбыз.

Ишембиде (16-августта) Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өз өлкөсүнүн аскерлерин чыгарып кетүү үчүн так дата белгилене электигин айтып, басып алынган жерлерде тийешелүү коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруу зарылдыгы тууралуу сөз кылган.

- Биз Грузия тарабы түзгөн түйшүккө ырааттуу кептелип жатабыз. Ошондуктан иштин баары дал ушул көйгөйлөр кантип тез арада чечилээрине жараша болот.


Француз президенти Саркози болсо Орусия кошумча коопсуздук чараларына шилтеме кылуу менен Грузиянын кан жолдорун жана темир жол тилкелерин эч кандай бууп салбашы керектигин эскертти.

Ал эми Грузиянын өзүнө келсек, анын Кара деңиз жээгинен Тбилисиге кетчү кан жолу дагы эле орусиялык аскерлердин көзөмөлүндө турат. Маалыматтарга караганда, орусиялык аскерлердин алдыңкы бөлүгү Гори шаарын көздөй кетчү жолду ээлеп, Тбилиси шаарынан болгону 35 чакырымдай алыстыкта турат.

Башка бир маалыматка караганда, Орусиянын аскерлери Абхазиянын чек арасына жакын жайгашкан Ингури гидро электр ишканасын да көзөмөлдөп турат.

Кечээ АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Кремлди авторитардык режимге кайтып баратат деп айыптады.

Гейтстин айтымында, Кремлдин Грузияга кол салышы жалпы эле орус-америкалык стратегиялык алакаларын кайра карап чыгууга Вашингтонду аргасыз кылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG