Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

К. БАЙБОЛОВ: СОРОС ЖЕ РОКФЕЛЛЕР БОЛБОСОМ, НЕГИЗИ ЖОК НЕРСЕЛЕРГЕ АКЧАМДЫ ЧАЧА БЕРБЕЙМ


Рита Борбукеева, Ысык-Көл Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ак шумкар" партиясынын мурдагы лидери Бишкектеги ”Оберон” базарынын ээси Кубатбек Байболов Кыргызстанда саясий күрөштүн бүткөнүн жана бирдиктүү оппозициянын жоктугун белгиледи. Анын саясаттан кетүүсүнө ушул себеп болуп, ал эми коомчулукта айтылып жүргөн үй бүлөлүк бизнеси жөн гана сөз экендигин ачыктады.

“Азаттык”: - Кубатбек мырза, сиздин саясаттан кеткениңиз күтүүсүз болду. Мындай кадамыңыздын кандай сыры бар? Көптөр жеке ишкердүүлүгүңүз менен байланыштырып да жатышат.

К. Байболов: - Биздин чечимибиз мүлккө, бизнеске байланыштуу эмес. Цивилизациялуу саясат бар болсо гана аны менен алек болсо болот. Бир аптада “Азаттык” болобу же башка массалык маалымат каражаттарына интервью берип коюп, анан мен саясаттын арасында жүрөм деген куру ишенимден оолак болгум келди.

“Азаттык”: - Демек, азыркы Кыргызстандагы саясатчыларга ичиңиз чыкпайт экен да?

К. Байболов: - Биз туу туткан акыйкаттык, демократия үчүн күрөшүп жатат деген нечендеген атка минерлерибиз иш жүзүндө кызмат аңдыган пенделер болуп чыккандыгы бул эмне өкүнүчтүү эмеспи...

“Азаттык”: - Бизнесиңизди тартып алганда коркутуп, үркүтүүлөр болгон. Андан кийин сизди чет өлкөгө кетиптир дешкен эле.

К. Байболов: - Андай чабуулдар акыркы жылдарда дамамат эле болуп келе жатпайбы. Албетте, ак эмгегиң менен тапкан-ташынганыңды алеки саатта зөөкүрлөргө алдырып жибериш бул өтө өкүнүчтүү нерсе болмок. Эгерде Кыргызстанда карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн деп күрөшүп жаткан адамдар төө бастыга алынып, зордоп коркунуч келтирип жатканда, арачага ала турган бирөө жарым дагы чыкпаса жашырбай эле айтышым керек. Бул Кыргызстанда бизге окшогон адамдарга орун калдыбы же калган жокпу деген ойлор албетте келет.

“Азаттык”: - Сизди саясаттан кеткени менен оппозицияны тымызын каржылап келди деген пикирлер бар. Буга эмне дээр элеңиз?

К. Байболов: - Мен эми Сорос же Рокфеллер болбосом, негизи жок нерселерге эле акчамды чача бермек белем. Тажрыйба көрсөткөндөй, менин баам боюнча бизде цивилизациялуу саясий күрөш эсил кайран болду да.

“Азаттык”: - Күзүндө чоң толкундоо болот деп жатышат. Ага ишенесизби?

К. Байболов: - Кыргызстандын өнүгүү багыты азыр жалаң гана тополоңго багытталып бара жатат. Ал түгүл революциялык өнүгүү жолу дагы азыр өтө тарып калды.

“Азаттык”: - Ошол кырдаалда бирдиктүү оппозиция жаралышы мүмкүнбү?

К. Байболов: - Менин жана бир топ саясатчылардын оппозицияны, демократияга багытталган саясий күчтөрдүн баарын бириктирүү аракетинен эч нерсе чыккан жок. Жакынкы жылдарда бирдиктүү оппозиция пайда болуп, бирдиктүү бир лидер чыгып, цивилизациялуу күрөш болушу абдан күмөн болуп калды. Ошондуктан күрөштүн солгундап, криминалды анын ичинде өтө примитивдүү деңгээлдеги саясатчы болумуш эткен демогогдордун басымдуулук кылып турганынын себеби ушул да.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG