Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

18-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1916-жылдын бул күнү кыргыздар койгон талап орус бийлигинин колуна түшкөн. 1999-жылдын 18-августтунда Кырыз Республикасынын Коргоо күчтөрүнө караштуу аскер вертолеттору Жылуу Суу капчыгайы аркылуу чегинген согушчандарга каршы ракеталык сокку урушту.

Айрым тарыхый маалыматтарга караганда, 1227-жылдын 18-августунда ааламды буй кылган айтылуу өкүмдар Чыңгыз хан дүйнөдөн өткөн. Жазма булак маалыматтары өкүмдардын өлүмү туурасында ар башкача кабар беришет. Алардын кээ бирлери, Чыңгыз хан аттан жыгылып өлдү дешсе, айрымдары анын эски жарасы ачылып, кан токтобой жан берди деп жазышат.

1916-жылдын бу күнү кыргыздар койгон талап орус бийлигинин колуна түшкөн. Анда: «Токмок болуштук старчыны Аксакал, Кашкар сартынын аксакалына. Мусулмандардын башкы башкаруучуларынан буйрук. Куралыңарды таштап мусулмандарга багынып бергиле жана аны бизге билдиргиле. Эгерде тил албасаңар, анда жок кылынасыңар» деп жазылган. Кыргыздардын талабына Мөкүш Шабданов, Сулайман Корчин, Мырзабек Дыйкамбай, Көкүмбай Чынан сыяктуу белгилүү адамдардын колу коюлуп, мөөрү басылган.

1916-жылдын бу күнү орустарга колго түшкөн Субан Жантаевдин көрсөтмөсүнө караганда тоо арасындагы көтөрүлгөн кыргыздардын башында Канат Абукин турган. Бу күндөрү 30 чамалуу ардактуу кыргыз жакшылары Буралы айлында чогулушуп, орустарга каршы көрүлчү чаралар туурасында бир арага келишкен. Алардын арасында-Көкүмбай Чынан, Курман Лепесов, Мырзабек Дыйкамбаев, Токтосун Бектенов, Каримбай Канчатов сыяктуу адамдар бар экендиги кабарланган. Мындан тышкары, жыйын чечими туурасында ар бир болуштукка кабар берилип, кийинки кыймыл-аракет боюнча маалымат берилген.

1917-жылдын 18-августунда Ташкент шаарында топтолгон ортоазиялык интеллигенция убактылуу өкмөттүн Жети-Сууда жасаган саясатына каршы митинг уюштурушту.
1999-жылдын 18-августунда Кырыз Республикасынын Коргоо күчтөрүнө караштуу аскер вертолеттору Жылуу-Суу капчыгайы аркылуу чегинген согушчандарга каршы ракеталык сокку урушту. Буга чейин үч жума бою Баткен районунун калкын кыжалатка алган Өзбекстан ислам кыймылына караштуу согушчан баскынчылар өлкө чегенинен сыртка чыгарылды.

2005-жылдын бу күнү Бишкек шаардык Кеңешинде борбор шаардын мэрдигине Арстанбек Ногоев шайланды.

Бу күнү, 1685-жылы англис математиги Брук Тейлор, француз металлургу Эмиль Мартен, 1904-жылы америкалык парфюмер Макс Фактор жарык дүйнөгө келсе, 1850-жылы атактуу француз жазуучусу Оноре де Бальзак, 1940-жылы «Крайслер» корпорациясынын негиздеген Уолтер Крайслер дүйнөдөн өткөн.
XS
SM
MD
LG