Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

ЖАЛАЛ-АБАТ: АБАКТАРДА КЫЙНООЛОР, ЖАҢЖАЛДАР ТЫЙЫЛАБЫ?


Ырысбай Абдраимов, Жалал-Абат Жалал-Абат облусунда абактарда кыйноолор менен жаңжалдардын алдын алуу боюнча төрт күндүк семинар өтүп жатат. Семинар 17-августта Арстанбап кыштагында ЕККУ, Еврокеңештин жана Германиянын элчилигинин колдоосу менен башталды. Аны уюштурган облустагы адам укугун коргоочу “Адилеттик” (Справедливость) уюмунун белгилешинче, убактылуу кармоо жайларында кармалгандарды уруп-согуулар, зордук-зомбулук көрсөтүүлөр тыйыла элек. Мындай адам укугун тепселеген аракеттер эл аралык, улуттук мыйзамдарды одоно бузуу болуп эсептелээрин чет элдик уюмдар менен бейөкмөт кошуундар такай далилдеп келет.

Убактылуу кармалган жана эркинен ажыратылгандардын укуктарын коргоо боюнча өткөрүлгөн семинарга Жалал-Абат, Ош, Баткен облустарындагы жаза өтөө мекемелери менен убактылуу кармоо жайларынын жетекчилери, кызматкерлери чакырылган. Алар адам укугун урматтоо, кыйноолор менен жаңжалдарды болтурбоо үчүн иштөөнүн жаңы ыкмалары тууралуу маалыматтарды ала алышат. Жалал-Абаттагы жаза өтөө жайларындагы айып өтөгөндөрдүн айрымдарынын денесинен уруп-согуунун залдарын далай ирет көргөнүн медициналык кызматкер Күннуру Арстанбекова шардана кылды. Абактардагы шарттардын начардыгы менен тамактын жетишсиздигинен СПИД, кургак учук сыяктуу коркунучтуу илдеттер менен ооругандар бар.

Токтогул районундагы убактылуу кармоо жайында иштеген Талант Тууганбаевдин айтымында, абактагыларга кол тийгизбесең да урду-сокту деп арызданмай көнүмүш болуп калган:

- Бизде 3 жылга кетет, 300 миң сом жок кылат. Алар жөн гана жата берет, аларга иш таап бериш керек. Ага мамлекет милдеттүү. Канчасынан сөз угат, жаткан адам жатып алып андай-мындай деп айта берет.


Облустагы убактылуу кармоо жайларынын абалын эл аралык эмес, өлкөнүн башка мындай мекемелерине салыштырып болбойт. Адам укугун коргоочу “Адилеттик” (Справедливость) уюмунун төрайымы Валентина Гриценконун белгилешинче, түрмөлөрдө жаткандар түрдүү кыйноолорго туш болушканын айтышкан. Айыпталуучулар кармалган бөлмөлөр тар, алтурган дем алуу кыйын. Айрыкча күндүн табы 40 градустан ашкан саратанда көңүл айныткан жыты бар жайларда жатуу оңой эмес экендигин Валентина Гриценко убактылуу кармалгандардын муң-зарын мындайча баяндады:

- Облустагы убактылуу жайлардан кыйноолор тууралуу он кишиден арыз алдык. Алар көбүнчө Жалал-Абат шаары менен Базар-Коргон районунан уруп-согушат, противогаз (аба өтө булган кезде атайын кийилүүчү желимден жазалган баш кийим) кийгизишип, дем алууга мүмкүндүк беришпейт. Ар түрдүү амалга салып, коркутуп-үркүтүшөт. “Энеңди алдырып келип, көз алдыңда зордуктайбыз” деген мазактоолор да болуптур.

Адам укугун коргоочу бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү эл аралык уюмдардын жардамы менен облустагы абак жайларга дайыма көз салып туруу аракетин көрүп келишет. “Адилеттик” уюмунун өкүлү Бактыкан Жапарованын айтымында ЕККУнун жардамы менен абактарга дарыгерлер коюлду:

- Тамак-аш менен камсыз кылуу өтө начар. Бюджеттен акча аябай аз бөлүнөт. Күн аябай ысык болгондугуна байланыштуу жууна турган жайлар коюлду. Бирок ошентсе дагы даараткана маселеси өтө орчундуу болуп атат. Мисалы ар бир адамга бөлүнгөн жай эки кишиге туура келгенине байланыштуу бөлмөлөр бири-бирине аябай жаш жайгашкан. Бул стандарты бузуу болуп эсептелет. Ошондуктан убактылуу кармоочу жайлардын абалын жакшы деп айта албайбыз.

Учурда Жалал-Абат шаарындагы убактылуу кармоо жайында жаткандар демейдегиден аз. Бул жерде кыйноолорго жол берилбестигин мекеменин жаңы жетекчиси Нурбек Матаев билдирди:

- Мурун мага чейин деле болгон эмес. Себеби мен ал жерде күзөт кызматында иштеп жүргөм. Өзүбүз алып барып, өзүбүз алып келчү элек. Ал жерде уруп-кыйноо боло элек.

XS
SM
MD
LG