Энесайлык кыргыздар менен Сибирдеги орус воеводаларынын ортосундагы мамиле айыгышкан араздашуу шартында өнүккөнү малым. Кыргыздардын воеводаларга каршы кырчылдаша согушуп, катуу каршылык көрсөтүшүнүн соңу, алардын мекенинен көчүрүлүшүнө себеп болгон. Сибирь воеводалары 1701-жылдын жай айларында кыргыздар менен ичара мамилени жөнгө салуу максатында сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экендигин билдиришкен. Сүйлөшүүнүн шарты, жери жана мезгили сыяктуу маселелерди тактоо иши бир ай чамалуу убакытты алып, акыры 19-августта орус элчилери кыргыздарга келишкен. Эки тарап ортосундагы сүйлөшүүлөр Нине жылгасындагы жунгар зайсанынын ордосунда өткөн.
Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңеши 1944-жылдын 19-августунда айтылуу орус акыны жана тамсилчиси Иван Крыловдун өлүмүнүн 100 жылдыгын белгилеш үчүн республикалык Комиссия курган. Комиссияны таанымал жазуучу К. Маликов жетектеп, анын курамына К. Баялинов, Н. Дубровский, Н. Прытков, А. Токомбаев, П. Шубин сыяктуу чыгармачыл адамдар кирген. Элдик комиссарлар кеңешинин көрсөтмөсүнө ылайык, Комиссияга айтылуу тамсилчинин чыгармаларын калк арасына кеңири жайылтуу милдети жүктөлгөн.
Советтер Союзунун тарыхындагы акыркы саясий кризис 1991-жылдын 19-августтунда башталган. Советтер Союзунун президенти М. С. Горбачевдун ден соолугуна байланыштуу башкарууга дарамети жоктугу ушул күнү эртең менен радиодон кабарланып, өлкөдөгү бийлик Чукул кырдаалга байланыштуу мамлекеттик комитетке өтө тургандыгы билдирилген. Кыргызстан коммунисттик партиясынын башчылары антиконституциялык путчту ачык колдоп чыгышкан. Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов ГКЧП бул аракети менен мамлекеттик төңкөрүш жасагандыгын билдирип калкка кайрылган. Кыргызстан президенти Аскар Акаев ГКЧПнын антиконституциялык жүзүн ачып, путчисттерге каршы чара көрүлүшүн өтүнүп, Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылуу жолдогон.
Кыргыз Республикасынын шаарлар Ассоциациясы 2000-жылдын 19-августунда Бишкекте өткөн шаардык мэрлердин уюштуруу жыйынында уюшулган. Шаарлар Ассоциациясын уюштуруу демилгеси мамлекет жетекчилиги тарабынан көтөрүлүп, анын негизги максаты шаарлар аралык байланышты күчөтүү, шаарлар ортосундагы экономикалык интеграцияны чыңдоо, шаарлардын өнүгүү кызыкчылыгын коргоо болгон. Шаарлар Ассоциациясы Шериктеш өлкөлөр арасынан Кыргызстанда биринчилерден уюшулган.