Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Р. ЖОЛДОШАЛИЕВА: МУШАРРАФ БИЙЛИКТЕН ӨЗҮ КЕТПЕСЕ, ПАРЛАМЕНТ ИМПИЧМЕНТ АРКЫЛУУ КЕТИРМЕК


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Кечээ (18-август) Пакистандын президенти Первез Мушарраф өлкө башчысы кызматынан өз ыктыяры менен кетип жатканын жарыялады. Бул өлкөнүн соңку тарыхы ички чыр-чатактуу окуялар менен катар эле эл аралык терроризмдин борборлорунун бири катары айыптоолорго бай экендиги маалим. “Азаттыктын” таңкы түз маегинде Карачи шаарындагы Агахан университетинин ага окутуучусу Рахат Жолдошалиева президент Мушаррафтын тактан кетишине байланышкан суроолорго жооп берди. Рахат Жолдошалиева өз мекенине жакында эле келген, аны менен Оштон телефон аркылуу байланыштык.

”Азаттык”: - Сиздин баамыңызда, президент Первез Мушаррафтын мындай кадамга барышына эмне себеп болду?

Р. Жолдошалиева: - Биринчиден айта кетсем, Пакистандын саясий абалы өтө татаал. Азыркы мезгилде февралда өтүп бүткөн шайлоодо партиянын негизги платформасы болуп Пакистандагы демократияны кайра орнотуу болуп эсептелди эле. Ошондуктан мурдагы аскер башчысы Первез Мушарафтын өз ыктыяры менен кетишине түздөн-түз себепкери болуп ушул партиялардын платформалары кандайдыр-бир себепткер болду деп эсептейм. Мен саясий аналитик болбогондуктан көбүнесе менин пикирим телевидение жана гезит- журналдардын маалыматына таянам. Первез Мушаррафтын өз ыктыяры менен кетпесе аны парламент саясий импичмент аркылуу кетирээри бышык эле.

”Азаттык”: - Сиздин оюңузча, аскердик төңкөрүш менен бийликке келген Мушаррафтын режими өткөн 9 жыл аралыгында эмне жасай алды? Кандай өзгөртүүлөрдү жүргүзө алды?

Р. Жолдошалиева: - Менимче пррезидент Мушаррафтын 9 жылдык ишинде бир нече жакшы мыйзамдар кабыл алынды десем жанылышпасам керек. Мисалы 2002-жылы маалымат берүү жана алуу законуна кол коюлуп, мурдагы диктатор Мухаммед Зия-уль-Хак (Muhammad Zia-ul-Haq) тарабынан чектетилген укуктардын бир нечеси жеңилдетилген. Ал эми 2007-жылы болсо аялдардын укуку тууралуу мыйзам кайра каралып, көптөгөн укуктар аныкталып жана такталып калды. Көбүнесе экономикалык жакшыруу дагы Мушаррафтын режимине туура келди деп эсептешет. Бирок бул жөнүндө дагы көптөгөн сын-пикирлер айтылып келатат.

”Азаттык”: - Ошол эле учурда Первез Мушарраф баш мыйзамды одоно бузгандыгы боюнча да айыпталып келген эле буга чейин?

Р. Жолдошалиева: - Ооба, 2007-жылы 3-ноябрда аскер башчысы, президент Первез Мушарраф өзүнүн кандайдыр бир чоң катасын кетирди деп ойлойм. Себеби ал өлкөдө негизинен юристтердин кыймылына каршы турган өзгөчө кырдаалды жарыялап салды. Ал элге жакпады, башка мамлекеттерге дагы жакпады. Менин оюмча, бул Первез Мушаррафтын эң чоң кетирген катасы болду.

”Азаттык”: - Президент Мушаррафтын өлкө ичиндеги кадыр-баркы кандай эле?

Р. Жолдошалиева: - Чынын айтсам, Пакистандын эли Мушаррафтын режими тууралуу ар түрдүү ой-пикирлер менен келет. Кээ бирлери анын режимин туура деп ойлошот. Себеби, Пакистан көбүнесе диний экстремисттердин көптөгөн ызы-чуусуна калып жатпайбы. Ошондуктан Первез Мушаррафка окшогон аскер башчысы керек деп ойлошот. Ал эми кээ бири көбүнесе демократияны орнотууну каалагандар - анын бийликке законсуз түрдө келгени үчүн аны жактырбайт. Ошон үчүн ой пикирлер ар түрдүү болуп, элдер дагы түрдүү ой-пикирлери менен бири-биринен бөлүнүп турат.

”Азаттык”: - Былтыр оппозиция лидери Беназир Бхуттонун өлүмүнөн соң Пакистан коомчулугунда Мушаррафка болгон мамиле өзгөрдүбү?

Р. Жолдошалиева: - Бхуттонун өлүмү Мушаррафтын бийлигинин начарлашына алып келди деп ойлойм. Анткени Мушаррафтын бийлигине болгон көз караш карапайым элдин арасында да өзгөрдү. Себеби, Беназир Бхутто карапайым элдердин партиясынын башчысы эле да.

”Азаттык”: - Сиздин баамыңызда, эми бул өлкөдөгү кырдаал кандай нукта өнүгүшү мүмкүн?

Р. Жолдошалиева: - Мен азыр Мушаррафтын өз ыктыряры менен кеткенине абдан кубанып турам. Себеби, элдин көбү анын кетишин абдан каалап жатышты эле. Азыркы келген партия, же болбосо коалициялык мамлекеттик башкаруу жакшы ийгиликтерди алып келет деп ойлойм. Бирок Наваз Шарифтин (Nawaz Sharif) “Мусулман лигасы” менен Карапайым элдердин партиясы экөө биригип жакшы иш алып барышына көзүм жетпейт. Анткени ал жаатта бийлик талашуу болот деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG