-“Жолдошум менен узак убакытка жолугушуу үчүн түрмөнүн ичине киргем. Менимче кечки сегиз менен тогуздун ортосунда ок атуу болду. Абактын ичиндегилер ары-бери жүгүрө башташты. Аңгыча прокуратуранын өзгөчө даярдыктагы отряды келди, анан түн бир оокумда жолугушуу бөлмөсүнөн менин жолдошумду күчтөп алып кетишти. Аны абактын административдик имаратына алып кетишти. Баары менин көз алдымда болду, тартип кызматкерлери жаза өтөп жаткандарды күрөк, темир түтүктөр менен аёосуз сабап жатышты. Ким күнөөлү, ким күнөөсүз экенин билбей эле менин жолдошумду да ур-токмокко алып киришти,” - дейт бул жайда жаза өтөп жаткан күйөөсүнө жолугууга барган Елена Позднякова.
Ал 14-августун түнү №16 күчөтүлгөн түзөтүү абагындагы окуяга дээрлик күбө болуп, баш аламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп, Бишкектеги СИЗОго алынып келе жаткан жеринен өлтүрүлгөн Кадырбек Абдышевди тартип кызматкерлери аёсуз сабап жатканын өз көзү менен көргөнүн айтат. «Мейли 50 жаштагы адам болсун, мейли жаш бала болсун тартип кызматкерлери аёсуз сабап, аларды кемсинтип жатышты»,- дейт Елена Позднякова.
Ал эми буга чейин маалымат жыйын уюштуруп, абактагы баш аламандык туурасында алгачкы маалымат берген Жаза өтөө жайларын көзөмөлдөө боюнча атайын прокурор Кубанычбек Мамакеев «Азаттыктын» кабарчысына мындай деген:
- Ок атылды деген калп. Ал эми тергөө учурунда абактагыларга кыйноо болду деген да чындыкка жакындабайт.
Абактагылардын жакындары 14-августагы окуянын айынан түрмөгө барып, тамак киргизе албай калгандыктарына нааразы:
- Эмне үчүн ушул убакка чейин медициналык жардам көрсөтүлбөйт, эмнеге тамак-аш киргизүүгө тыюу салынып жатат? Бир же эки адам үчүн бардык жаза өтөп жаткандарды кыйноонун зарылчылыгы бар беле. Ансыз да алар ичүүгө тамагы жок.
Эркинен ажыратылгандар кармалган жайлардагы тамак-аштын тартыштыгы тууралуу атайын прокуратуранын жетекчиси Кубанычбек Мамакеев да “Азаттыкка” берген маегинде билдирген. Атайын прокуратура Жаза өтөө жайлар башкармалыгы жана Адилет министрлиги менен чогуу бардык абактардын абалы менен таанышып чыгууда. “Түрмөлөр негизинен электр энергиясы менен жылытууга ылайыкташкан, быйылкы шартка байланыштуу аларды көмүргө өткөрүү иштери жүргүзүлгөн эмес, бир тонна да көмүр жок,”-дейт Кубанычбек Мамакеев.
Учурунда бир катар абактарды кыдырып чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев жергиликтүү маалымат агенттиктерге берген маегинде «№16 абактагы баш аламандыктын кесепетинен каза болгон эки тартип сакчысынын өлүмүнө байланыштуу Адилет министри Марат Кайыпов менен министрдин орун басары Сергей Зубовдун өзгөчө жоопкерчилиги бар», деп белгилеген. Ал эми жаза өтөп жаткандардын жакындары Кыргызстандын Акыйкатчысына кайрылышаарын бүгүнкү өткөн маалымат жыйынында билдиришти.