Фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулунун Бишкектеги “Турар” басмасынан 2 китеби - 34 басма табак көлөмүндөгү “Жомокчулар жана жомоктор” ошондой эле 31 басма табак көлөмүндө “Эл шайырлары” аттуу китептери чыгып жатат. Аталган басманын директору Тилек Мураталиев Буудайбек Сабыр уулунун басылып жаткан китептеринин баалуулугун белгиледи:
Ооба, бизден Буудайбек Сабыр уулунун эл арасынан чогулткан кол жазмаларынан турган эки китеби басылып чыгып жатат. Эми бул эмгектердин баалуулугу айтпаса да түшүнүктүү.
Буудайбек Сабыр уулунун “Жомокчулар жана жомоктор” китеби Кайназар уулу Курмандын жана Саадике Сейдиман уулунун айтып берген жомокторунан турат. Ошондой эле Саадике Сейдиман уулунан Токтогулдун Сибирде жүргөнүн айтып бергени да жазылып алынган. Ал эми “Эл шайырлары” – манасчылардын, акындардын, комузчулардын, кыякчылардын, чоорчулардын эмгектеринен турат.
Кыргыз радиосунун “Алтын фондуна” Буудайбек Сабыр уулу жаздырган үч миңдей күү алынган. Оозеки чыгармаларды жана күүлөрдү фольклорчу эл шайырларын өз үйүнө ээрчитип келип болсо да жаздырып баштаганын эскерет:
Мен көп эл шайырларын үйүмө жаткызып, алардын айтканын жаздырып жүрдүм. Күүлөрүн радиого жаздырып, а тургай сүрөтчүлөргө сүрөттөрүн тарттырып алчумун.
Жазуучу Калканбай Ашымбаевдин айтымында, Буудайбек Сабыр уулу 1957-58-жылдары студент кезинде эл арасынан фольклордук чыгармаларды жыйноо маселесин көтөрүп, Кыргызстан Борбордук Комитетине кат жолдогон:
Биз Буудайбек менен теңтушпуз. Анын БКга ушинтип кат жолдогонун угуп, таң калганбыз. Исхак Раззаков да сезимталдыгынан, ал кездеги студенттин көтөргөн маселесинин актуалдуулугун туура байкап, эл арасынан кол жазмаларды жыйноого атайын токтом чыгартып, шарт түзгөн.
“Турар” басмасынын директору Тилек Мураталиев Буудайбек Сабыр уулунун жогоруда аталган эки китеби бекер чыгып жатканын жана авторго калем акы төлөп берип жатышканын кошумчалады:
Эми акыры келип ушундай болушу керек эле да. Автор да жасаган эмгегинин акыбетин көрүш керек.
Фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулунун дагы “Санжырачылар жана уламалар”, “Бабалар баяны” 2 томдон турган “Кыргыз Эл жомоктору” кол жазмалары басууга даяр. Буудайбек Сабыр уулунун пикиринде Улуттук илимдер Академиясынын кампасында канчалаган баалуу кол жазмалар катылып жатат. Ал эмгектердин жарыкка чыгышын колго алуу үчүн Кыргызстанда атайын кол жазмалар институтун ачуу зарыл:
- Кол жазмалар Кыргызстанда совет кулагандан бери жыйналбай калды. Менимче Чыңгыз Айтматов атындагы Кол жазмалар институтун ачуу керек.