Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

“АТА МЕКЕН”, “АК ШУМКАР”, СДП ШАЙЛООДО БИРГЕ БОЛУШАТ


Жергиликтүү кеңештерге 5-октябрдагы шайлоодо “Ак шумкар” менен “Ата Мекен” партиясы бири-бирине колдоо көрсөтөт жана ар кандай саясий акцияларда бирге аракеттенишет. Мындай чечим бүгүн аталган партиялардын саясий кеңештеринин Бишкектеги биргелешкен жыйынында кабыл алынды. Буга чейин ушундай эле макулдашуу “Ата Мекен” жана Социал-демократтар партияларынын ортосунда болгон.

Өмүрбек Текебаев жетектеген “Ата Мекен” партиясы менен Темир Сариев баштаган “Ак шумкар” партиясы парламенттик шайлоодо биригишкен болчу. Бул ирет алар биригүү эмес, кызматташуу тууралуу гана сөз кылышты. Алар кандайдыр бир саясий акциялар тууралуу баш оорутууга азырынча негиз жок деп, башкы көңүлдү жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктарга бурушууда. Талдоочулар чыныгы оппозициячылар катары санап келаткан “Ата Мекен” менен “Ак шумкар” парламенттик шайлоодон айырмаланып, бул шайлоого көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болот деген ишенимде турушат. Жабык өткөн эки партиянын жолугушуусунан кийин “Ак шумкардын” лидери Темир Сариев “Азаттыкка” ушундай оюн айтты:

- Элдерди активдүү болуп, ар бир айыл кеңештеринде, шаардык кеңештеринде көзөмөлдү катуураак кылып, декабрдагы көз боемоочулукту болтурбоонун жолун издегиле деп чакырып атабыз. Биз баарын көзөмөлдөй албайбыз. Эл өзү көзөмөлдөшү керек. Биздин күчүбүз чынчыл позицияда туруп, акыйкат издеген, чынчыл, принципиалдуу көз караштагы адамдарда.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого кол кабыш кылуу чечимин кечээ бул эки партия мүчө болгон “Акыйкат үчүн!” кыймылы дагы кабыл алып, шайлоого катышпаган партиялар менен жарандык лидерлерден координациялык кеңеш түзгөн болчу. Буга башкы демилгечи “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев болгон:

- Шайлоонун адилет өтүшүн көзөмөлдөп, координация кылганга чакырабыз деш керек. Ар кандай партиялар бар да. Кыймылдын атынан мыйзамдын аткарылышына, шайлоонун адилет өтүшүнө аракет кылсак.

Темир Сариевдин айтымында, шайлоо учурунда кызматташуу маселесин эми анын партиясы Алмаз Атамбаев жетектеген Социал-демократтар менен талкуулаганы жатат. Ошондой эле бул үч партия 5-октябрдагы шайлоого катышуу оюу бар калган оппозициялык партиялар менен да сүйлөшүү жүргүзүү керек дешүүдө.

Азырынча аталган партиялардан башка оппозициялык күчтөр жергиликтүү кеңештерге шайлоого барары тууралуу коомчулукка билдире элек. Президент Курманбек Бакиев башында турган “Ак жол” партиясы да жергиликтүү кеңештерге даярдыктары тууралуу жарыялабай турат.

Бул аралыкта талдоочулар жергиликтүү кеңештерге шайлоодо деле административдик ресурстар колдонулуп, натыйжа парламенттик шайлоонун жыйынтыгына түспөлдөш эле чыгат деп атышат. Мунун себебин саясат таануучу Марат Казакбев парламенттик шайлоодогу өксүктү оңдоого бийлик тарабынан аракет жасалбагандыгы менен негиздеди:

- Менин оюмча парламенттик шайлоодогу эле административдик ресурс калат го. Оппозициялык партиялар катышса деле ушу президенттик партиялар, негизинен “Ак жол”, анан көз карандысыз талапкерлер өтүшөт го.

Марат Казакбаев 5-октябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо президенттик шайлоонун көнүгүүсү катары карайт. 2010-жылы болору күтүлүп жаткан президенттик шайлоонун кандай болору жергиликтүү кеңештерге шайлоонун тыянагынан эле көрүнүп калат дейт талдоочу.

Бул аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге
шайлоону уюштуруу менен алектенүүдө. Учурда шайлоо боюнча жергиликтүү комиссиялар топтолуп жатат. Бийликке ыктагандар комиссияда көп болууда, административдик тоскоолдуктардан өтө албай калышыбыз мүмкүн деген айрым партиялар өз талапкерлерин партиядан бөлүп, өз алдынча катыштырууга даярдап жаткандыгы да айтылууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG